Биз кандай айтсак да жамандап, жакшыласак да Ж. Абдрахманов сыяктуу улуттун чыныгы уулдары түзүп кеткен өлкөбүздү, кезинде Кремлге кыңк этпей баш ийип турган мезгил болсо да мамлекетибиздин бул үч жетекчиси тең республикабызды кемитпей сактап берди. Анын натыйжасында эгемендикке жеттик.
Дүйнөдөгү 5000ден ашык улуттардын ичинен мамлекети бар 150 улуттардын катарына кириш кандай сыймык. Аны көздүн карегиндей сакташ бүгүнкү муундардын эң чоң милдети. Дагы да кайталагым келет, аны көздүн карегиндей сакташыбыз керек. Ошондуктан ушул улуу үч инсаныбыздын бирин көбүртүп жабыртып мактап, экинчисин ыгы жок каралаш бул жердешчиликтин, тайкы көз караштагы уруучулуктун туу чокусу. Жашасын эгемендүү Кыргызстаным!
Булак: “Айгай”
Кыргызтудэй: Кыязы, “Айгайдагы” коллегаларыбыз үч секретарь деп совет доорунда Кыргызстан коммунисттик партиясынын биринчи секретарлары болуп иштеген үч кыргызды: Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиев жана Абсамат Масалиевди айтып жатышса керек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ