Бул тууралуу 16-январда Инвестицияларды коргоо боюнча агенттиктин директору Адылбек Шумкарбек уулу Бишкекте өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди.
“Ал жер тилкеси “Нарын” ЭЭАга ижара иретинде тишелүү, кытай инвесторлорго ижарага берүүгө уруксат алдык. Ал жерге өндүрүштүк-логистикалык борбор курулат. Ал жер тилкеси аүыр бош жатат, ЭЭАга кирүү үчүн инвестор инфракструктурасын түзүүгө тийиш. 200 гектардын 176 гектары “Нур Строй Монтаж” компаниясына, калган 24 гектары башка компанияга ижарага берилет. Инвестициянын баасы 280 млгн долларды түзмөкчү. Бул сумма бардык үч этапты тең жабат”, – деди ал.
Ошондой эле директор 2017-жылдан бери бул жер боюнча бир гана кытай компаниялары менен эмес, түрк жана араб компаниялары менен сүйлөшүүлөр болуп келгенин кошумчалады.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ