Бүгүн, 14-январда Венера Джуматаеванын ордуна “Азаттыктын” Борбор Азия боюнча регионалдык директору болуп Хамид Исмаилов дайындалды. Бул тууралу Азаттыктын башкы редактору Дейси Синделар бүгүн жарыялагандыгын биздин жеке булактар билдирди.
Хамид Исмаилов Ош облусунун Ноокат районунда туулган. Акыркы 14 жылда Улуу Британиянын Би-Би-Си радиосунда иштеп келген. Учурда Би-Би-Синин Борбор Азия жана Кавказ бөлүмүндө аткаруучу редактор кызматын аркалап келет.
Хамид Исмаилов жаңы кызматына 1-февралдан тартып чыгат.
Ал эми Венера Жуматаева акыркы 10 жылда Атамбаевдик режим менен тымызын кызматташып, өзү жетектеген коллективде непотизмди жайылтып, атактуу “Азаттык” радиосунун кадыр-баркына доо кетирип келаткандыгы байма-бай айтылып жаткан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ