Menu

Сооронбай Жээнбеков: “7 пайыз — бул биз басып өткөн, сыноодон өткөн жол”

Бөлүшүү:

“Азыркы учурда пайыздык чек тууралуу талкууларга чекит коюла элек” – деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февраль күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында.

Президенттин айтымында аталган маселе тууралуу анын оюн билүү үчүн айрым депутаттар түз да, ММКлар аркылуу да кайрылышкан.

“Тогуз пайыз деген чекти мына ушул жерде отурган депутаттар, көпчүлүгүңөр колдоп, мыйзам кабыл алынган эле. Бул норма шайлоого катыша турган саясий күчтөр тарабынан кызуу талкууга алынып, азыр өзгөртүүнү талап кылууда. Азыр 9 пайыз, 7 пайыз, 5 пайыз, жада калса 3 пайыз деген да пикирлер айтылууда. Тогуз пайызды демилгелеп, аны колдогондордун оюн эске алсак, негизги аргумент — партияларды ирилештирүү максаты болгон. Ооба, бул зарылдык, муктаждык. Бирок, буга саясий күчтөр даярбы? Коомчулуктагы талкуу көрсөткөндөй, саясий күчтөр, партиялар, партия лидерлери буга даяр эмес” – деп билдирди президент.

Президент Сооронбай Жээнбеков “7 пайыз — бул биз басып өткөн, сыноодон өткөн жол” – белгиледи.

“5 жана 3 пайызды айткандар, “жаштарга мүмкүнчүлүк берели” деген элдин кулагына жага турган аргументтерди айтууда. Бирок, чынында, жаштарды бетке кармап алып, бул жерде деле өз камылгасын көргөн жагдайлар болуп жатат десек жаңылышпайбыз.  Азыр пайыздык босого боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат. Депутаттар терең талкуудан өткөрүп, жети өлчөп, бир кесет деп ойлойм. Мен бардык партияларга карата бирдей мамиледе болом” – деп билдирди өлкө башчы.

Сооронбай Жээнбеков бир партияга эмес, элге кызмат кылуу үчүн шайланганын айтып, жалпы элге кызмат кылып жатканын белгиледи.

“Шайлоодо жеңип келген партиялардын кимиси болбосун, мамлекеттин кызыкчылыгында чогуу иштегенге даярмын” – деп кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: