Menu

Марат Иманкулов, генерал-майор: “К.Жунушалиев министр катары тармакты «крысалардан» тазалай баштады”

Бөлүшүү:

Рубрика сынына бул сапар ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди чыгардык. Ооматы артып, экинчи ирет бул тармакты башкарып жаткан милициянын генерал-майору ИИМ системасындагы «дыңды бузуп», эл күткөн реформаларды жасай алабы? Калкка ырайымсыз мамиле кылып, укук тебелеген алкы бузук кызматкерлерди тазалоого алы жетеби? Эмесе, бүтүндөй өмүрүн бул тармакка арнаган генералдын өзүнө жана ишине карата коомчулук көзүндөгү эрендердин пикири кандай экенине кызыгып көрдүк.

– 2010-жылы жай айларында андагы бийлик мени Москвадан Кыргызстанга эмгек өргүүгө келгенде ой-боюма койбостон өлкөбүздүн коопсуздук кеңешинин катчысы кылып дайындап коюшту. Ошол мезгилде генерал Кашкар Жунушалиев ички иштер министринин орун басары экен. Мен аны ошол ирмемдерден тарта жакындан жакшы билип калдым. Жумушума байланыштуу анын ишин так байкап жүрдүм. Адис катары ал ишин абдан жакшы билет, мен муну так айта алам. Жетекчи катары таза, колу булганган эмес, бул жагын тартынбай эле айтып коюу керек. 2010-жылдын апрель, май, июнь окуяларынан кийин өлкөбүздө кандай гана чыңалган кырдаал өкүм сүрүп турганын билесиңер да. Өлкөбүз ошондой оор, өткөөл мезгилдерди башынан өткөрүп жатканда мамлекетибиздеги коомдук коопсуздукту сактоодо генерал катары үлкөн салымын кошуп, өзүнүн чыныгы мамлекетчил инсан экенин тастыктай алды. Мүнөзү да оор басырыктуу, адам катары мага жагат. Жетекчиге мындай сапат тиешелүү. Мындай жетекчини өкмөт, жогорку бийлик колдошу гана керек. Соңку жылдары ИИМге мамлекет тарабынан көп жылдардан бери жакшы каржылоо болбой келет. Борбордук бийлик адегенде ИИМди каржылоо жагын чечип берсе, реформа жагын Кашкар Жунушалиев жакшы деңгээлде жүргүзмөк. Азыр министр катары тармакты «крысалардан» тазалай баштады. Дагы тазалаш керек. Анткени, Жунушалиев эл менен түз байланышкан структуранын башчысы да.

Булак: “Азия Ньюс” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: