Menu

Чолоосу тийбеген чоңдорго!

Бөлүшүү:

… АКШнын 32-президенти Ф. Рузвельт бийликке келген учурда мамлекеттин экономикасы талкаланып, кыйрап жетээр жерине жетип калган. Баардык масштабда кризис муунтуп тамырын ке­нен жайган оор абал түзүлгөн. Банк жана каржы системасы толу­гу менен сазга баткан. Ири өндүрүштөр биринен бири жабылган. Аталган өлкөнүн ага чейинки жана андан кийинки бир да прези­денти мындай оор шартта бийлик башына келген эмес. Ошентип, Франклин Рузвельт экономикалык каатчылык эң бийик чегине жетип калганда бий­ликке келди. Болгондо да инвалиддик коляскага олтуруп. Бул адам бийликтин бийик сересине кел­генге чейин эле андан 10 жыл мурун 39 жашын­да айыкпас шал оорусуна чалдыгып, өз алдынча басуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган. Бир жо­лу Ф. Рузвельт бөлмөсүндө жалгыз олтуруп үнүн баардыгынча кыйкырып, “мен минтип коляскада олтурам, мамлекетим болсо сазга батып баратат. Деги мен киммин?” деп алдындагы үстөлдү мушту­му менен катуу бир коет. Бирок жашоо менен бол­гон күрөшүн, эркинин күчтүүлүгүн ушундан көр, шал болуп олтуруп Американын экономикасын балчыктан сууруп чыгат. Ушундай көрөгөчтүгү ме­нен 20-кылымда ааламдагы бирден бир эң күчтүү саясий фигура катары айтылып келет. Өз өлкөсүнүн тарыхында ал мамлекетин өнүгүүнүн жаңы нугуна бурган биринчи президент болгон. Кийин өзү баш тартса да эли 4 жолу катары менен аны президентикке көрсөтөт, шайлайт. Мындай сый-урмат америка­нын тарыхында алигиче боло элек.

Булак: “Айгай”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: