Menu

Темир Сариев: “Чыңгыз Айтматовду өмүрүнүн аягында баалай алган жокпуз”

Бөлүшүү:

Айтылуу алп жазуучубуз Чыңгыз Айтматов атабыздын “Атадан калган туяк” (“Солдатёнок”) аңгемеси кыскаметраждуу фильм болуп Сокулук районундагы Төш-Булак айылында тартылган. Бул тарыхый тасмага аталган айылдан толтура балдар тартылып, алардын арасында экс-премьер-министр Темир Сариев да болгону буга чейин айтылып, жазылып келген. Ошентсе да, биз Айтматовдун 90 жылдыгына карата ал тасманы эскерүүнү туура көрүп Темир Аргембаевичти кепке тарттык.

— Темир Аргембаевич, “Атадан калган туяк” тасмасына сиз 1973-жылы тартылыпсыз. Андан бери 45 жыл өтүптүр. Бул кинодон өзүңүздү көрүүдөн тажабасаңыз керек?

— (Күлүп) Албетте, себеби, бул тарыхый фильм да. Жыл сайын бул кинону көрөбүз. Ошол кездеги тартылганыбыз күнү бүгүнкүдөй баардыгы эсимде. Ооба, ал киного биз 1973-жылы тартылганбыз. Анда мен он жашта элем. Төш-Булак айылыбыздагы толтура балдардын ичинен “эң тыңы” деп мени тандап алышкан. Башкы ролду ойногон Авалбектин досторунун биринин ролун ойногом.

Башкы ролго тандалбай калганыңызга таарынып, ыйлаган жок белеңиз?

— Жок. Анда мен “киного тартылып калам” деп деле ойлогон эмесмин. Капысынан эле тасма талаасына келгем да. Жайкы үч айлык каникулга келип, кошуна балдарды сурасам, “алар суунун ары жагында киного тартылып жүрүшөт. Бизге да келип, “кичинекей балаңыз барбы?” деп сураганда, “бар, ал шаардан келип калат” десек, “эртең киного тартылганы келсин” деп кетишти” деп калды апам. Кечинде эки адам келип дагы эскертип кетишти. Эртеси барып, тартылып калгам.

– Андагы алган гонорарыңыз ар кандай жазылып жүрөт: 172 рубль же 200 рубль делип. Канча таап, ал акчага эмне алдыңыз эле?

— Андагы аткарган ролум үчүн бакыйтып чоң акча беришкен. Киного үч ай бою жайкы каникулда тартылдым. 182 рубль алгам, күнүнө 3 рубль жазылса керек. Агезде бул аябай чоң акча болчу. Ал акчаны апама алып келип берип, аябай сүйүнткөм. Апам мага эле эмес, баардык бир туугандарыма мектепке кийим сатып берген.

– Каникулдан мектепке келгенде киного тартылганыңызды классташтарыңызга айтып мактандыңыз беле?

— (Күлүп) Албетте. Бирок эч ким ишенген эмес. Анда мен Бишкектеги спорт интернатында окучумун. Үч айлык каникулдан кийин классташтар сагынып жолугушуп, ким кайда болгону боюнча кеп курасың да. Көпчүлүгү жайлоодо же пионер лагеринде болгонун айтышты. Мен атактуу адамдар менен киного тартылганымды айтсам ишенишкен жок. Кино бир жылдан кийин жарык көрдү.

Ошондо көрүшүп, таңкалышып, кантип тартылып калганымды, атактуу адамдар кандай экенин сурай башташкан… Бул кино мага бала чактын турмуштук боёгун берди. Атактуу адамдардын элесин мезгил менен кошо катырып койду. Ошол учурда эненин ролун аткарган Таттыбүбү Турсунбаеванын атагы таш жарып турган чагы болчу. “Уркуядан” кийин урматтап, эл сөз кылып калган кези эле. Кинодо кандай болсо, турмушта да дал ошондой экен: мээримдүү, сулуу, мүнөзү жумшак. Энелик мээримин ал кинодогу баласына эле чачпай, бизге дагы чачты, башыбыздан сылап, жакшы сүйлөп, эркелетип… А Сабира Күмүшалиева апабыз кинодогудай эле турмушта да нак чоң эненин ролунда болчу. Бизди катуу тартипте кармачу. О.э. Советбек Жумадылов, Кубатбек Жусубалиев өңдүү генийлер менен да аралашып калганым – өмүрүмдөгү өчпөс из катары сакталып калган… Себеби биз тентек, шок элек. “Согуш учуру” деп койсо, биз гезиттин кагазына боз, борпоң топуракты салып, аны граната деп бири-бирибизге ыргытабыз. Ал тешилип чачылганда баштан аяк бозала болуп эле калабыз, тазалануу үчүн сууга чуркап барып түшөбүз. Кыскасы, ал кезди мен ушунчалык жылуу, жакшы маанайда эстейм…

— А эмнеге ошол бойдон актёрлук өнөргө кызыгып кеткен жоксуз?

— Ар бир адам бала кезинде “кийин врач болом же мугалим болом” деп ар кайсы кесипти кыялданат эмеспи. А менин кыялымда киного тартылып, артист болуу оюмда жок болчу. Балким, ошондон улам уланткан жокмун. Классикалык тасмага айланып калган киного дөө-шаа, алп адамдар менен тартылып калганыма сүйүнөм. Калеми менен шедеврге айланган айтылуу Чыңгыз Айтматовдун өзү классика да. Укмуш чыгармалары менен бизди дүйнөгө тааныткан залкар инсандын аты алтын тамга менен тарыхта жазылып калды.

– Тарыхый инсан менен сиз качан, каерден жолуктуңуз эле?

— Мен депутат болуп жүргөндө таанышып, сүйлөшүп отуруп калдык. Ал жолугушууда, албетте, “Атадан калган туяк” тасмасын сөз кылдык. “Ошондо сен тартылдың беле?” деп сурап калган. Мага андагы аткарганым боюнча пикирин айткан эмес. Мен да сураган эмесмин. Кийин кинону тарткан инсандардын айтуусу боюнча, Айтматов бул тасманы жана андагы каармандарды аябай жактырып, ыраазы болгон экен.

“Мындай залкар жүз жылда бир жаралат” деп айтылып келатат. Бул сөзгө сиз кошуласызбы?

— Албетте, жүз пайыз кошулам. Чыңгыз Айтматов биздин залкарыбыз, жүз жылда бир жарала турган адамыбыз. Тилекке каршы, убагында, өмүрүнүн акырында биз мындай залкар адамды толук барктап, баалай албай калдык. Ичтарлык, көралбастык менен биздин дүйнөгө таанымал инсаныбыздын өмүрүн сактай албай калдык. Ошол учурда Айтматовду Бельгиядагы Кыргызстандын элчиси кызматынан албай, жок дегенде ардактуу элчи кылып Европада калтырып койгонубузда, биз өмүрүн сактап калмакпыз жана бул бийик адам дагы бир топ чыгармаларды жаратмак. Анткени бул адам көрөгөч экен, азыркы глобалдашуу болуп аткан учурду тээ мурда эле көргөн экен. 1986-жылы “Ысык-Көл форумуна” залкар, алп ойчул адамдарды чогулткан, ошонун ичинде Нобель сыйлыгынын  лауреаттары да бар эле. Ошонун бири Элвин Тоффлер деген футуролог. Ал дүйнөгө “Айыл чарба революциясы”, “Фабрика трубалары” жана “Келечектеги шок” аттуу трилогиясын жазып кеткен. Бул футуролог да кийин заман кандай болорун алдын ала билип, көргөндөй жазып койгон. Ошол сыңары, биздин Чыңгыз Айтматовдун да чыгармасынан жаралган тасмалар аркылуу кыргыз дүйнөгө таанылды. Анын көп чыгармаларын бала кезде окуп, кийин кайра кайталап  окуганда маани-маңызын түшүнүп жатабыз. Мисалга “Жамийла” повестин алалы. Мына ушул чыгармасы дүйнөгө жактырылып, бул чыгарманын алкагында кино тартылып, дүйнөгө дүң болду. Ошол повестинде Айматов аялзатына болгон баланын сүйүүсүн берип жатат. Мен муну кийин бой жеткенде түшүндүм. “Эмнеге Европа көп окуп, жактырып, баалайт” дечүмүн да. Көрсө, ал жакта “урбанизация” эртерээк келип, адамдык жөнөкөй сүйүүнү, бакытты, жөнөкөй, кубанычты, турмушту, жөнөкөй кабыл алууну, мээримди самап калышкан экен. Алар жашоонун маңызын, турмуштун сабактарын китеп аркылуу биле башташыптыр. “Бакыт таалай, сүйүү” деген ар бир адамдын ички дүнүйөсү болот. Анткени Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повестинде жөнөкөй адамдык сүйүүнү, мамилени, аялзатына болгон тунук сезимди ачып берген. Айтматовдун ар бир чыгармасы өзүнчө философия, чыгармаларында философиянын тереңдиги жатат. Өмүр менен өлүм жөнүндө, адамдын турмуштагы орду жана анын философиясын кагазга түшүрүп, образ аркылуу ачып берген. Ушундай сейрек жаралчу, терең айта алган, ички оюн кагазга түшүрүп образ аркылуу терең бере алган адамыбыз. “Атадан калган туякта” атасы согуштан кайтпай калган кичинекей баланын атага болгон кусалыгын, атасыз өсүп калган баланын тагдырынын трагедиясын, СССР убагында элдин турмушун, алардын кубанычын, күтүүсүн бергиси келген. Ошондогу чыгармалары бүгүн да актуалдуулугун жоготкон жок. Чыгармаларында “ушундай апаат согуш болбосун, балдар жетим калбасын, бактылуу жашоо, сүйүү болсун” деген мааниде тээ качан эле жазылып, ал тасма болуп тартылса да, тилекке каршы, азыркы учурда да дүйнөдө граждандык согуштар, саясый тирешүүлөр, чоң державалардын кагылышуусу болуп жатат. Сирияны эле алсак, бомба түшүп ураган үйлөр, ыйлаган балдар, энелер. “Ушундай болбош керек эле” деген образды берген. Айтматов кыргызды дүйнөгө тааныткан адам, биз аны баалай, сыйлай билели. Аны менен бирге Айтматовдун чыгармаларын дагы эле болсо колдон келишинче дүйнөгө жайылтуубуз керек.

— Ушундай залкар адамыбыздын 90 жылдыгына карата болуп жаткан иш-чаралар боюнча оюңузду айтсаңыз?

— Албетте, “90 жылдыгы” деп айтылып, атайын президенттин, Жогорку Кеңештин, өкмөттүн токтому кабыл алынып, иш-чаралар көрүлүп, адабий кечелер уюштурулуп жатат. Мындан тышкары, шериктеш мамлекеттерде да белгилене турганы айтылууда. Мындай саамалыктар 90 жылдык менен эле бүтүп калбашы керек. Биздин мактана турган 10 багытыбыз болсо, анын бири Чыңгыз Айтматов экенин тана албайбыз. 90 жылдыкты татыктуу өткөрүп алышыбыз шарт, ал үчүн баарыбыз жапатырмак кийлигишүүбүз зарыл! Анткени, Айтматовдун чыгармалары актуалдуу болуп дүйнөлүк классиканын катарына кирди. Дүйнөнүн 180ден ашуун өлкөлөрүнө тарап, 180ден ашуун тилге которулгандыгын билебиз. Керек болсо башка мамлекеттерде Айтматовдун айкелдери тургузулуп, көчөлөрүнө ысымы берилип жатканы мени  кубандырат.

Бишкекте, Кыргызстандын ичинде келечекте Чыңгыз Айтматов атындагы чоң бир адабий этно-мемориалдык комплексин курушубуз керек. Ал жерде бир гана Айтматовду эмес, Айтматов аркылуу кыргыздын адабиятын, кыргыздын маданиятын, поэзиясын аны менен бирге жалпы кыргыздын каймактары болгон улуу залкарларыбыздын чыгармалары, баатырларыбыздын, олуяларыбыздын, жанагы “Жети аке” деп айтып жүрөбүз, мисалы, “Калыгул олуя”, “Асан кайгы” деп айтып калабыз, мына ушулардын баарынын өмүр таржымалдарын чагылдыра турган музей сыяктуу болгон чоң бир адабий мемориалдык этно-комплекс болушу абзел. Бул комплекс аркылуу келечек муун тарыхый инсандарыбыздын өмүр таржымалдары тууралуу, алардын чыгармалары тууралуу маалымат алып турса, мен ойлойм, жаштар үчүн чоң таалим-тарбия болот.

Турсунбек БЕЙШЕНБЕКОВ

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: