Menu

Бозгундагы олигарх Гафур Рахимовго Өзбекстанга кайтууга уруксат берилди

Бөлүшүү:

Гафур Рахимов.

Өзбекстан Башкы прокуратурасы ири бизнесмен жана меценат Гафур Рахимовду издөөдөгү кишилердин тизмесинен алып салды.

Тиешелүү токтомго ылайык, AIBA – Эл аралык бокс ассоциациясынын президентинин милдетин аткаруучу Гафур Рахимовго карата сырттан камакка алуу жөнүндөгү чечим дагы күчүн жоготту. 66 жаштагы ишкер 2010-жылы Өзбекстандан качып кеткен. Азыр Дубайда жашайт.

Укук коргоо органдарынын өкүлү түшүндүргөндөй, Башкы прокуратура Рахимовдун мекенине кайтышына жолтоо болгон бардык тоскоолдуктарды жойду. “Кылмыш иштерине байланыштуу азыркы мамлекеттик саясат боюнча, эгер кылмыш жасаган адам тергөөгө көмөктөшсө, анда ага тиешелүү иш болушунча жеңилдетилет”, – деди прокуратура өкүлү.

2013-жылы Гафур Рахимовго карата “Опузалоо”, “Кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди адалдаштыруу”, “Жалган документ жасоо” беренелери боюнча айып тагылган.

2012-жылы АКШнын Каржы министри Гафур Рахимовду «Борбор Азияда маңзатын жайылтуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин бири» деп атап, ага каршы каржылык санкцияларды киргизген.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: