Menu

Түркмөнстанда шайлоо алдында экономикалык каатчылык байкалууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда президенттик так үчүн 9 талапкер жарышка түшүүдө, бирок мамлекеттик телеканалдар учурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун кампаниясын кеңири чагылдырып жатышат. Бул тууралуу Eruasianet.org сайты жазды.

Өлкө башчынын талапкерлигин президенттен белек алган аскер кызматкерлери, спортчулар, энергетиктер жана чабандар колдой тургандыктарын билдиришти.

Гурбангулы Бердымухамедов – жокей, хирург, жазуучу, ырчы жана обончу катары шаан-шөкөт уюштурганды өтө жакшы көрөт. Бул жолку шоу аркылуу ал бийлик мөөнөтүн дагы бир жолу узартууга аракет көрүүдө.

12-февралга белгиленген шайлоо өлкөдө экономикалык каатчылык болуп жаткан маалда өткөнү турат. «Шайлоо мурда болуп көрбөгөндөй экономикалык каатчылыктын фонунда болот. Бийликтин муну моюнга алуудан баш тартуусу – өлкөнү бүлүнүүгө карай дагы бир кадамга жакындатат», – деп билдирген Борбор Азия боюнча эксперт Лука Анчешчи.

Түркмөнстан кыйла жабык өлкө болгондуктан мунайга болгон дүйнөлүк баанын түшүүсү жана Иран менен Орусиянын газ сатып алуудан баш тартышы – өлкө экономикасына канчалык зыян алып келгенин баалоо өтө оор.

«Көмүрсуутекке болгон баалар төмөн бойдон калууда, өлкө болсо эч кандай жаңы соода өнөктөштөрүн тапкан жок. Тышкы факторлордун таасири алдында Түркмөнстандын экономикасынын өсүү темпи төмөндөп жатат», – деп белгиленген Эл аралык валюта фондунун билдирүүсүндө.

Анткен менен мамлекеттик телеканалдар каатчылык фактысын толук четке кага алышкан жок. Февралдын башында алар өлкөнүн ички дүң өнүмү 2016-жылы 6,2%га төмөндөп кеткенин билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: