Menu

«Рынокко жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу» долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу 2 миңге жакын жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет

Бөлүшүү:

«Рынокко жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу» долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу  2800 туруктуу жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт” – деди Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин жыйынында. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Айыл чарбасы ата мекендик экономиканын алдыңкы тармагы болуп саналат, айыл чарбасын өнүктүрүү  Эл аралык фондунун каржылоосу менен  «Рынокко жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу» долбооруна  чоң үмүт артылган», – деп белгиледи  Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалыматы боюнча долбоор 25,4 млн АКШ  долларын түзөт, анын жарымы – грант, 4 компоненттен турат. Айыл чарбасын өнүктүрүү чынжырчасына мал жандыктарынын азыктарын каржылоо, мал чарбасы тармагын санитардык модернизациялоо, долбоорду башкаруу кирет.

Аталган долбоордун жардамы менен, тактап айтканда 130 000 уй , 250 000 миң музоо,  60 000 кой жана  125 000 козу идентификациядан өтөт, суюк азот  чыгаруу боюнча завод курулат.

Талкуунун жыйынтыгында  «Рынокко жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу» долбоорун жактыруу чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, Координациялык кеңеште  «Түндүк-Түштүк  альтернативдүү автоунаа жолунун курулушу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча долбоор» жалпы суммасы  389,97 млн кытай юанын түзгөн (56,5 млн. АКШ доллар тартибинде), Кытайдын  Экспорт-Импорттук  Банк аркылуу Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү каржылоочу   жана  жалпы наркы  5,9 млн. еврону түзгөн анын ичинде  3,0 евро грант түрүндөгү  «Кара-Балташаарында суу түтүктөрүн жана канализацияларды  реаблитациялоо» долбоору жактырылды.

Муну менен катар Токмок шаарынын мэри жана Токмок шаардык кеңешине жалпы суммасы 6,19 млн. евро  турган «Токмок шаарындагы суу жабдыктарын жана канализациялар системасын реабилитациялоо» долбоорун карап чыгып, тез арада тиешелүү чечимдерди киргизүү сунушталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: