Menu

АКШ ачык асман келишиминен чыгууга ниеттенүүдө

Бөлүшүү:

АКШ ачык асман келишиминен чыгууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу өлкө президенти Дональд Трамп Вашингтондо журналисттер менен жолукканда билдирди.

“Менин Орусия менен мамилем жакшы, бирок Москва келишимде каралган милдеттенмелерди аткарбай жатат. Биздин жаңы келишим түзүшүбүзгө мүмкүнчүлүктөр көп», — деди президент.

Ачык асман келишимине 1992-жылы мартта кол коюлган. Орусия документти 2001-жылы ратификациялаган. Бүгүнкү күндө келишимге кол койгон өлкөлөрдүн саны 34тү түзөт. Макулдашууга ылайык, бул өлкөлөр аскердик ишмердүүлүктү көзөмөлдөө үчүн бири-биринин аймагы аркылуу учуп өтө алышат.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги азырынча АКШдан бул боюнча расмий билдирүү келбегенин билдирди. Мекеме Вашингтондун келишимден чыгышы Европадагы аскердик коопсуздук системасына терс таасирин тийгизет деп эсептейт. Министрлик Москванын дарегине айтылган бардык дооматтар негизсиз экенин белгиледи.

АКШ ачык асман келишиминен чыгуу ыктымалдыгын караштырып жаткандыгы тууралуу алгачкы жолу былтыр октябрда билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: