Menu

Видео – Москвада саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү акциясы өттү

Бөлүшүү:

29-октябрда Москвада саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү акциясы өттү. Анын жүрүшүндө Лубянский аянтындагы Соловецкий ташынын алдында эртең мененки саат ондон кечки онго чейин сталиндик репрессиялар маалында каза болгондордун ысымдары окулду.

Миңден ашык киши катышкан акция «Мемориал» укук коргоо уюму тарабынан уюштурулду. Катышуучулардын арасында Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова, “Яблоко” партиясынын лидери Григорий Явлинский, Федерациялар кеңешинин мүчөсү Владимир Лукин жана 2018-жылкы президенттик шайлоого талапкерлигин коерун билдирген теле алып баруучу Ксения Собчак сыяктуу коомдук жана саясий ишмерлер болду.

Соловецкий ташынын алдында сүйлөгөндөрдүн көбү 61 жаштагы тарыхчы Юрий Дмитриевди колдогон пикирлерин айтышты. 20 жыл мурда Сандармох жана Красный Борудагы саясий репрессиялардын курмандыктары көмүлгөн жерлерди тапкан тарыхчы 2016-жылдын декабрынан бери тергөө абагында камакта жатат. «Мемориал» уюму аны саясий туткун деп тапкан.

Соловецкий ташынын алдында сүйлөгөн Явлинский бул акцияны түптөөдө Дмитриев абдан чоң роль ойногонун билдирди. Собчак тарыхчыны эркиндикке чыгаруу үчүн болгон аракеттерди көрүүгө чакырды. Ал Дмитриев репрессияланган жана атылган адамдардын ысымдарын калтыруу үчүн чоң иш жасаганын белгиледи.

Орусияда бул акция 2007-жылдан бери өтүп келет. 30-октябрда өлкөдө Саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күнү белгиленет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: