Menu

Ислам Каримовдун жакын адамы кызматынан алынды

Бөлүшүү:

Ислам Каримовдун күзөт кызматынын мурдагы башчысы Муижон Тохирий Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы кызматынан алынды. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары кабарлашты.

54 жаштагы генерал-майордун отставкасы тууралуу шейшембиде премьер-министр Абдулла Ариповдун төрагалыгы алдында өткөн видеоселектордук жыйында айтылды.

Тохирийдин ордуна буга чейин башкы прокурордун орун басары болуп иштеген 42 жаштагы Мурожон Азимов дайындалганы айтылууда.

Комитет башчысынын кызматтан алынышына өлкөнүн салык жана бажы комитеттериндеги жапырт текшерүүлөр себеп болду. 13-февралда текшерүүлөрдүн жыйынтыгында бул эки комитеттин ишиндеги мыйзам бузууларды ырастаган бир топ документтер алынганы кабарланган.

Муижон Тохирий Мамлекеттик бажы комитетинин башчылыгына 2016-жылы декабрда дайындалган. Ага чейин эки жолу — 2006–2008-жылдары жана 2011-2016-жылдары Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басары болгон. Андан тышкары Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары жана маркум президенти Ислам Каримовдун мамлекеттик кеңешчиси кызматтарында иштеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: