Menu

АКШ: Сирияда элдешүү келишими олуттуу бузулганы тууралуу маалымат жок

Бөлүшүү:

АКШ акыркы 24 саат ичинде Сириядагы ок атууну токтотуу боюнча макулдашуунун бузулгандыгы жөнүндө маалымат алган жок.

Бул тууралуу мамлекеттик департаментин басма сөз катчысы Жон Кирби билдирди. Ал АКШ менен Орусиянын Сириядагы согуштук аракеттерди токтотуу боюнча ишембиде түзүлгөн келишимдин алгачкы жыйынтыктарынын жаман эмес деп баалады.

Сирия боюнча БУУнун атайын өкүлү Стаффан де Мистура кырдаалдын жөнгө салынышына жол ачуу үчүн тынчтык сүйлөшүүлөр 9-мартка жылдырылганын шейшемби күнү билдирген. Сириянын президенти Башар Асад келишимдин аткарылышы үчүн бардык аракеттерди көрөөрүн жарыялады. Каршылаштар куралдарын таштаса, аларга толук мунапыс берүүнү сунуштаганын кошумчалады. Орусия болсо, элдешүү келишиминен кийин, 24 саат аралыгында Сириянын бардык аймагы боюнча 15 мыйзам бузуу катталганын белгилеген.

Тышкы иштер министри Сергей Лавров террордук топторду аскердик жабдуулар менен камсыздандырууга бөгөт коюу үчүн Сирия менен Түркиянын чек араларын жабууну сунуштады. Ал тапта Франция көтөрүшчүлөр тарабынан көзөмөлгө алынган аймактар орус жана сириялык учактардын аба чабуулуна кабылганына кабатырланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: