Бүгүн, 10-январь күнү тажик элчисине КР Тышкы иштер министрлиги кезектеги протест билдирүү нотасын тапшырды. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
9-январынан 10-январына караган түнү Кыргызстандын Мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде болгон инцидентке байланыштуу КР Тышкы иштер Министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын Тышкы иштер Министри Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Тажикстандын жарандары тарабынан ок атуучу курал колдонулгандыгына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын автотранспорттук каражаттарына таш ыргытылгандыгына байланыштуу тынчсыздануу билдирилди.
Мындан тышкары, КР Тышкы иштер министрлигинде Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү (консулу) менен сүйлөшүү жүргүзүлдү.
Тажикстандын жарандары тарабынан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абалды туруксуздандырууга алып келүүчү уланып жаткан деструктивдүү жана чагымчыл аракеттерге байланыштуу тажик тарабына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кезектеги протест билдирүү нотасы тапшырылды.
Тажикстандын жарандары тарабынан мындай аракеттерди болтурбоого көңүл бурулду жана абалды мындан ары күчөтпөө максатында кечиктирилгис чараларды кабыл алуу жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу талабы билдирилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ