Кечээ күнү өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев маалымат берип жатканда жыйындар залында он чакты гана депутат олтурду. Мыктыбек Абдылдаев эл өкүлдөрүнүн бул кылыгына кыжыры келди окшойт “Залда болгону он чакты депутат олтурат. Анын алтоосу “Бир Болдун” өкүлү болсо, дагы экөөсү “Республика-Ата Журттан”. Өкмөттүн өкүлү кимге маалымат берип жатат? Башкаруучу фракциядан бир да өкүл жок. Бул уят нерсе. Бул маалыматты фракция лидерлерине жеткизиш керек” – деди. Жыйынды алып барып жаткан вице-спикер Алтынай Өмүрбекова дагы Мыктыбек Абдылдаевди колдоого алып, туура маселе көтөрүлгөнүн, бул маалымат фракция лидерлерине жеткириле турганын кошумчалады. Спикер Чыныбай Турсунбеков Санкт-Петербургга иш сапар менен кеткен экен, Чыныбайдын жоктугунан КСДП депутаттары чилдей эле тараган тура.
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ