Menu

Орусияда убактылуу кармоочу жайдагы 24 тажикстандык ачкачылык жарыялады

Бөлүшүү:

Мордовияда абактан чыгып, бирок кайра убактылуу кармоочу жайга киргизилген Тажикстандын 24 жараны ачкачылык жарыялады.

Апрель айында алардын камактагы мөөнөтү аяктап, бирок пандемиядан улам Тажикстанга жөнөтүлбөй калган.

«Тажик жана орус бийлигинин кайдыгерлигине нааразылык билдирип ачкачылык жарыялаганыбызга эки күн болду, суу гана ичип жатабыз. Убактылуу кармоочу жайдагы шарттар абактагыдан жакшы эмес. Элчилик Орусиянын Федералдык миграция кызматы билет сатып берип, депортация кылышы керектигин айтышты», — деди Илхомжон Зарифов аттуу тажик жараны.

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги бул абал боюнча кабардар экенин, өлкө жарандары мүмкүнчүлүк болору менен мекенине жөнөтүлөрүн билдирди.

Айрым маалыматтар боюнча Мордовиядагы түрмөлөрдө 1000ге жакын тажикстандык камакта отурат. Алардын кээ бирлери абак кызматкерлери орой мамиле кылганына жана кыйноого кабылганына бир нече жолу даттанышкан. Жалпы Орусия боюнча түрдүү беренелер боюнча соттолуп, камакта отурган тажик жарандарынын саны 10 миңге жетет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: