Түркмөн бийлиги менен Орусиянын МТС-Түркмөнстан компаниясы өлкөдө иштөө лицензиясын узартуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү улантып жатышат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булактары кабарлашууда. Буга чейин сүйлөшүүлөр июнда эле башталганы, бирок түркмөн тарап лицензияны узартуудан баш тартары кабарланган.
23-июнда түркмөн өкмөтү өлкөдө жаңы уюлдук байланыш компаниясын түзүү боюнча пландарды расмий жактырган. Булактын маалыматына караганда, ал компания президент Бердымухамедовдун күйөө баласы Назар Режеповго таандык болот.
“Азыр болсо Байланыш министрлиги менен МТСтин жаңы келишим түзүүгө жакындап калганы белгилүү болууда. Келишимде МТСтин Түркмөнстанда ишмердүүлүгүн улантуусу үчүн анын лицензиясын узартуу каралган. Бирок ошол эле маалда жашыруун макулдашууда МТСтин техникалык базасын жаңы түзүлчү компанияга берүү каралгандыгы да кабарланууда. МТСтин техникалык базасын пайдалануу боюнча мындай тажрыйба Алтын Асыр байланыш оператору үчүн дагы ишке ашырылган”, – деп билдирди «Азаттыктын» түркмөн кызматынын булагы.
Орусиялык компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу учурдагы келишим 2012-жылы беш жылдык мөөнөткө түзүлгөн. «МТС-Түркмөнстан» компаниясы жана «Түркмөнтелеком» мамлекеттик ишканасы тарабынан кол коюлган макулдашууда белгилүү бир шарттар аткарылса, аны дагы беш жылга узартуу мүмкүндүгү каралган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ