Menu

Видео – Сагынбек Абдырахманов Асылбек Жээнбеков тууралуу эмнелерди айтты?

Бөлүшүү:

КСДПнын лидери Сагынбек Абдырахманов менен кенен маек курдук. Анда партиясынын тагдыры, парламенттеги КСДП фракциясындагы депутаттарынын кыймыл-аракети, кадамы жана саясат, парламент, алтын кени, мурунку, азыркы президент тууралуу баарлаштык, ал баарын ачык эле айтып, аттарын атап берди. Анын ар бирин өз-өзүнчө берип жатабыз. Буга чейин Сооронбай Жээнбеков жана ЖК депутаттары: Иса Өмүркулов, Айнуру Алтыбаева, Аида Касымалиева, Марат Аманкулов жана партиясы, Өмүрбек Текебаев, Карамушкина, Кодуранова, Турдукулов жөнүндө айтып берген.

Коомчулуктун көңүл борборунда, элдин оозунда келаткан КСДП фракциясынын парламенттеги дагы бир депутаты, президенттин бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков тууралуу да сурадык, “ал көмүскөдө жатып алып сизди башкарып жатканы чынбы? Мындай кепти Атамбаевдин тарапташтары деле айтып жүрөт”,-десек, аябай күлүп, ушактын дагы чеги болуш керектигин баса белгилеп, ал: “Жакында эле Социалисттик интернационалдын башкы катчысы Луис Айяла келди. Биз ага өзүбүздүн кабинетибизди көрсөткөндөн уялдык. Эгерде Асылбек Жээнбеков бизди колдоп жатса, анда биз кычыраган офисте отурбайт белек. Кычыраган машина теппейт белек?”,-дейт С.Абдырахманов. Аны  төмөндөгү видеодон көрүңүз:

Эске сала кетсек, Сагынбек Абдырахманов КСДПнын төрагасы катары былтыр, 18-апрелде Юстиция министрлигине каттаткан жана партиянын дарегин өзгөрткөн. Аталган партияны өзүнө каттата электе жаңылануу, тазалоону ниетте «Атамбаевсиз КСДП» (Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда) кыймылын түзүп, аны жетектеп, аймактарды кыдырган. Быйыл, 21-январда «КСДП: кечээ, бүгүн, эртең» аталышта жалпы республикалык конференция өткөргөн.

Ал эми жогоруда Сагынбек Абдырахманов учкай кеп кылып, офисин көрсөтө албай уялган Луис Айяла деген ким? Ал – Социалисттик интернационалдын башкы катчысы, жакында эле (15-январда) Кыргызстанга келип кеткен. Аны вице-спикер Аида Касымалиева тосуп алып, жолугуп, баарлашкан. Ал ага кыргыз парламентинин ишмердүүлүгүнүн айтып, өзү социалисттик идеологиянын баалуулуктарына ыктаган КСДП саясий партиясынан шайланган депутат экенин айтып, парламенттик демократия багытын колдой турганын баса белгилеген. Ошондой эле ал Кыргызстан үчүн өнүгүүнүн кыйла артыкчылыктуу модели болуп саналган Социнтерн аянтчасында тажрыйба алмашуу зарыл экендигин кошумчалаган.

Социалисттик интернационал тууралуу айта кетсек, Социалисттик интернационал – эл аралык өкмөттүк эмес социалисттик-демократиялык уюм. Анын баш кеңсеси Лондон шаарында (Англия) жайгашкан. 1864-жылы түзүлгөн, бул уюм кайрадан 1951-жылы Европа өлкөлөрүнүн 34 социалисттик жана социал-демократиялык партиясынын  (биздин спикер Дастан Жумабеков менен вице-спикер Мирлан Бакиров туура айта албай жаткан) Франкфурт-на-Майне шаарында (Германия) өткөн уюштуруу съездинен тарта өз ишин жаңырткан. Учурда 126 өлкөнүн 156 партиясы Социнтерндин мүчөсү болуп саналат.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: