Menu

Назарбаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

Бөлүшүү:

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Астанада бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Анын жүрүшүндө өлкөнүн улуттук коопсуздук стратегиясы, аскердик-техникалык саясаты жана Астанада өтчү «Экспо» көргөзмөсүндөгү коопсуздукту камсыз кылуу чаралары талкууланды.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө Назарбаев экстремисттик жана террористтик чабуулдарга каршы туруу күн тартибиндеги биринчи маселе экенин белгиледи. Президенттин айтымында, бүгүнкү күндө андай учурлардын жаралуу коркунучу дагы деле актуалдуулугун жогото элек. Өлкө башчы бийлик тарабынан сунушталган саясий жана конституциялык реформалар жалпысынан калктын колдоосун таап» жатканын айтты.

Бийлик бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды кайрадан бөлүштүрүү максатында сунушталган Казакстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору 28-январда расмий жарыяланган. Аны талкуулоого бир ай убакыт берилди. Сунушталган өзгөртүүлөрдүн айрымдары жарандардын нааразылыгын жаратты. Алсак, Конституциянын жеке менчикти коргоо маселеси боюнча 26-беренеге сунушталып жаткан өзгөртүүлөр коомчулуктун өзгөчө көңүлүн бурду.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: