29-январь күнү Бишкектеги соода-сатык жайларынын биринен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директору Б.М. 1800 евро (143 000 сом) пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 31-январь күнү билдирди.
Алардын айтымында, ММК фондунун директору чет өлкөгө жумушка орношууда керектелүүчү медициналык документтерди даярдоо үчүн А.А. аттуу жарандан акча талап кылган.
Бүгүн, Бишкектеги Биринчи май райондук соту тарабынан кармалган Б.М. бөгөт чарасы каралат.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ