Menu

Кытайдын жогорку окуу жайларына тапшыруучулар үчүн компьютердик тестирлөө өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында Кытай мамлекетинин жогорку окуу жайларына тапшыруучулар үчүн “Бакалавриат” жана  “Тил стажировкалары” программалары боюнча компьютердик тестирлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-январь күнү билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Абитуриенттерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүүнүн максаты – бюджеттик орундарга талапкерлерди тандоо процесин жакшыртуу жана ачык-айкындыгын камсыз кылуу.

Кытай ЖОЖдоруна тапшыруучулар үчүн тестирлөө Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан иштелип чыккан стандартталган тесттин негизинде кыргыз жана орус тилдеринде өткөрүлдү.

Тестирлөө Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан уюштурулду.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: