Menu

Атамбаев жоюп салган Коргоо министрлиги кайрадан түзүлөт

Бөлүшүү:

Күзгө чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жаңы структурасын киргизе турган болду. Эми Атамбаевдин акылга сыйбаган энергетика жана коргоо министрликтерин жоюу боюнча чечими жокко чыгарылат. 2015-жылы ноябрь айында Темир Сариевдин өкмөтү учурунда мамлекетке чыккынчылыкка тете болгон сунуш кабыл алынып, эгемендүү мекенибиздин Коргоо министрлиги жоюлган. Муну Өмүрбек Текебаев жана Бакыт Төрөбаев сыяктуу лөктөр эки колун чаап, “ляппай” деп бекитип беришкен. Ошол убактан бери Коргоо министрлеринин ордуна генштабдын жетекчиси, Атамбаевдин любимчик-генералы Райымберди Дүйшенбиев кеңешмелерге катышып калган. КМШ өлкөлөрүнүн Коргоо министрлеринин жыйынына Кыргызстандан генштабдын жетекчиси барганына коңшулаш өлкөлөрдүн министрлери башында түшүнбөй, кыргыздарда Коргоо министрлиги жок дегенди угуп таң калышып, андай министрлиги жок кандай мамлекет деп мыйыгынан күлгөнү калп дейсиңерби?

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: