Menu

Бишкек шаардык соту экс-премьер Сапар Исаковду камакта калтырды

Бөлүшүү:

13-июнда Бишкек шаардык соту Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүү арызы боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов маалымдады:

– Соттун чечими күчүндө калды. Камакка алууга эки негиз бар – сыртка чыкпоо шартын бузса же жаңы айып угузулса. Экөө тең бузулган жок. Бул чечим мыйзамсыз.

Сот жыйынына журналисттер киргизилген жок. Бишкек шаардык сотунунун имаратында Исаковдун жыйырмага жакын тарапташтары чогулуп турду.

Камакка алынган мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча Бишкек шаардык сотуна жактоочулары арыз беришкен. Арызда мурдагы премьерди камакка алуу боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, үй камагына чыгаруу өтүнүчү жазылган.

Сапар Исаковго “Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу 386 млн. доллар кытай насыясын максатсыз пайдаланган” деген айып коюлуп, Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголгон. Алгач ага эч жакка чыкпоо жөнүндө тилкатынын негизинде бөгөт чарасы бекитилген.

Бирок 5-июнда тергөө органдары Исаковго тагылган айыптын оордугун эске алып, ошондой эле “тергөөгө басым жасашы мүмкүн” деген жүйө менен камакка алууну өтүнүп сотко кайрылган. Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьерди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда Сапар Исаков УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Сапар Исаков өзүнө козголгон кылмыш ишин “чектен чыгуу” катары баалап келет.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: