Menu

Спикер Дастан Жумабеков: “Биз жүгөрү кайтарып олтурган жокпуз. Кулагыбызга кесме илгенди токтоткула”

Бөлүшүү:

Ушинтип 27-ноябрда парламент жыйынында спикер Дастан Жумабеков Айыл-чарба министрлигинин дарегине айтты.

Анын айтымында, айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жайлоо жерлерин пайдаланууга салынган салык боюнча калкка толук кандуу маалымат жеткире албай келет.

“Бул жерде жомок айтып олтурасыңар, элдин жүрөгүнө жеткире албай жатасыңар”, – деди ал.

Ал эми министрдин орун басары Жаныбек Керималиев фермерлердин жүрөгүнө жеткирүү үчүн түшүндүрүү иштери менен семинарлар жүрүп жатканын айтты. “Биз бардыгын фермерлердин тили менен түшүндүрөбүз”, – деди ал.

“Биз жүгөрү кайтарып олтурган жокпуз. Кулагыбызга кесме илгенди токтоткула. Сиз бул жерге мыйзам долбоорун коргогону келдиңиз, күнү-түнү олтуруп даярданыш керек болчу. Биз сизден башка эч нерсе сураган жокпуз, кийимиңзди чечип албайбыз, чачыңызды кырбайбыз. Биз түшүндүргөндү билип, элдин жүрөгүнө жеткиришибиз керек”, – деди спикер. Ал өлкөбүз 65%га агрардык өлкө экенин эскертти.

“Күндөн күнгө малдын саны көбөйүп барат. Сиздер ага шарт гана түзүп беришиңер керек. Сиз азыр бул мыйзам долбоорун юридикалык терминдер менен түшүндүрүп жатасыз, бирок фермерлер аны түшүнбөйт да. Биз региондорго эл менен жолукканы барганда, алар бул мыйзамды түшүндүрүп берүүнү сурай башташат”. – деди спикер.

Бул учурда КРнын кээ бир мыйзам актыларына (Жер кодексине, “Жайлоолор жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жаткан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: