Menu

Качкынбек Булатов, укук коргоочу : “Амалкөй адамдын кан төгүүсү”

Бөлүшүү:

Өткөөл заманда мамлекет көз карандысыз болордун алдында, белгисиз амалдуу адамдын жолу ачылып, келечегине бакты конуп, тагдырына дөөлөт берип, ысымы дүйнөгө тарады. Кичирээк кызматты аркалап, адабий чыгармачылык менен алек болуп, байлыгы деле жок, көр оокаттын артынан бейиш жашоону эңсеп жүргөн пендеге, ири СССР империясы жоюлуп, оомат келет. 90-жылдары мамлекетте чоң саясий өзгөрүүлөр жүрө баштаган ошол учурдагы кылмышка аралашкан чайкоочу, көз боёмочулар заматта ишкер болуп чыга келишти. Андыктан, көз боёмочу – ишкерлерге мамлекет ишеним артып, бюджетти түзүүчүгө айланышты. Бирок, бара-бара ал ишкерлер бийликке келип, “ууру” болуп кетери эч кимдин түшүнө кирген эмес.
СССРдин убагында машине мингенди адамдардын бардыгы эңсечү, антсе да, машинеге жетүү оңой-олтоң эмес болчу. “Жигули” үлгүсүндөгү автоунаага кезекке туруп, кезеги жетсе, акчасы жетпей жүргөн адамдар болоор эле. Эми минтип ийгиликке жетүүгө бардык шарт түзүлүп, ишкерлер “иномаркага” олтуруп, “жаны кыргыз” атка конуп, бай – кедейге бөлүнүп, адамдын тагдырын акча чечип калган мезгил келди. Баягы мамлекеттин мулктөрү менчикке өтүп, банктардан күрөөсүз акча алган бийликтеги шумпайлардын ирбити жүрүп, мамлекеттин кепилдиги менен каражат алып, мамлекеттин мүлктөрүнүн көбү менчикке өтүп кеткен. Батыш өнүккөн багыттагы саясий чечим кабыл алынып, СЭМ байкелер түзүп берген өнүгүү программасын пайдалана алган жокпуз. Ошондой болсо да, мындай бир келген ырыскыны, байлыкты убагында пайдалана албаса, башка бирөө пайдаланып кетерин бир амалкөй, куу адам сезиптир. Ал тез аранын ичинде мезгилдин өзгөрүүсүн пайдаланып, учурдун күрөө тамырын кармап ишке киришти. Жаштайынан эле жашыруун көз боёмочулук, адамды көз ирмемге келтирбей сызга олтургузган тубаса таланты өрчүп, болгон амалын салып, акча булагын тапканга аракет жасоого киришет. Чындап келгенде, Орусияда жөөттөр бир заматта миллиардер болууга жетишишкен, алар тез ойгонуп, бардык ресурстарга ээ боло баштаган. Айталы, Ходорковский, Гусинский, Березовский, Абрамович, Мавроди, Довгань аттуу атактуу жөөттөр, ири комбинациянын авторлору, ири ийгиликке жеткендер биринчилерден болуп аттары аталып, алгачкы миллиарддарга ээ боло алгандар. Ошондой эле, кыргыздан дагы амалдуулар чыкты, башка өлкөлөрдөгү жөөттөрдөй эле мамлекеттин даяр оокатына кол салып, мамлекет аркылуу байыгандар арабызда көбойдү, анын баары акырындан Ак Үйгө, Көк Үйгө жетти.
Беш заводго бир заматта амалдуу шумпай ээ болуп каларын эч кимдин оюна келген эмес. Ошол убактагы таланттуу көз боёмочулар ийгиликке жетип, кыргыздар жөөттөргө тенеле албаса дагы, байманасы ашып, атагы чыккан амалдуу ишкерлер Жайсаңбаев, Бабанов, Д. Үсөновдордун жүзү көрүндү. Бирок, булардын катарында чыгармачылыкка жакын, деги эле бизнестен алыс, ишкерликте аты-жыты жок адамдын алеки заматта ири дүйнөгө ээ болуп калары эч кимдин оюна дагы келген эмес. Сакасы айкүр туруп, мезгилди убагы менен колдонуп, чон масштабда уурулукка толук шарт түзүлгөнүн сезген амалкөй щумпай, байлык жөн жеринен келбесин билип, катылуу арам амалдарды мүшөктөп алып чыгып, ал тургай уят-сыйытты таштап, атактуу, асыл жазуучу адамды алдап, жөргөмүш желесин тарткандай курмандыктын торуна чалганга киришти. “Амалдуу адамга айла жок” дегендей, гениалдык мүдөө-максатын жүзөгө ашыруу үчүн, биринчи убакта чындап эле, чын ыкластан, жазуучулардын баркын, деңгээлин көтөрүүгө умтулган сыяктуу көрүнгөн. Эң оболу ал амалдуу адам Москвадан жазуучуларга бөлүнгөн акчаны өзүнө котортуп алганга жетишет. Мезгил шарданына ылайык, ошол убактагы менчикке чыгарууга берип жаткан беш заводго көзү түшөт. “Ажалдуу кийик өзү табылып”, кыргыздын сыймыгы – уулу жазуучунун тилин таап, кызыктырып, эгерде беш заводду менчикке чыгарып алсак, сиз баштаган жазуучүларга дагы өзгөчө шарт түзүүгө болот. “Жазуучулардын китептерин бекер басып, калемгерлерге көлдүн жээгинен, Арашан тоосунан пансионаттарды куруп, бекер эс алдырып, ден соолуктарына чындап кам көрсөк, чет өлкөлөр менен алака түзүп, Кыргыз жазуучуларынын чет өлкөгө баруусуна шарт болуп, кыргыз маданиятын, искусствосун, үрп-адатын дүйнөгө танытаар элек. Керек болсо, беш заводдон түшкөн акчага Нобель сыйлыгындай сиздин атыңызды атап, дүйнөлүк классиктерге сыйлыкты жарыялап, сиздин ысымынызды түбөлүккө калтыруга болот” дегенде, жазуучуга канат бүткөндөй, Нобель сыйлыгынан кем калбаган сыйлык берип турса ысымы кылымдар бою аталып каларын сезип, чын ыкластан амалдуунун идеясын ишке ашырууга белсенип, кирише баштайт. Бирок, жазуучу беш завод иштебей каларын билген эмес, көз алдында заводдун кирешеси шагыраган акча болорун сезип, керек болсо аз пайызын эле сыйлыкка берип койсо, эмне деген өчпөс атак – даңк эмеспи, – деп жазуучунун жүрөгү болк эте түштү.
Чындап келгенде, дүйнөнүн классигине айланып, даңкы-атагы дүйнөгө таанылган залкар жазуучунун өтөгөн эмгегин, талантын, акылмандыгын, кыргыздын намысы, сыймыгы, ыйыгы катары тутуу зарыл. Ал атактуу жазучунун артынан кыргыз бүткүл дүйнөгө танылганын тана албайбыз. Андай улуу адамдын атын тебелегенге бир гана амалдуу адамдын дити барып, алдап кеткен. Атаганат, айла жок, улуу жазуучу амалдуу адамдын афёрасына ишенип, жүрөккө жетип, бойду ала ишендире айткан алдыдагы албан максатка туруштук бере албай, дароо айтканына көнүп, аракетин орундата баштайт. Балким, акчаны алганга чейин амалдуу адамдын чынында эле, жүрөгүндө таза тилек, ниети болгон чыгар. Жазуучу ажону көндүрүп, акчаны амалдуунун эсебине котортуп бергенден кийин ырыскы асмандан өзү эле түшкөнсүдү. Капчыгы бекер акчага кампайгандан кийин бал тилге салып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, улуу адамдын аркасы менен, амалдуу адам акыры беш заводду менчикке чыгарып алат. Ажо менен жазуучу эс учун жыйганча, баягы завод жалгыз амалдуу адамдын менчигине айланып, бардык кадамдарды мыйзамдаштырып, кынтык табылбагандай кылат. Илинерге илинчек таба алышпай, ажосу баш болуп, кокуйлап жер тепкилеп калышат. Амалдуу адамдын жашоосунда төбөсү көрүнгөн жазуучунун шарапаты менен колуна тийген завод чоӊ роль ойноп берди.
Ошентип, беш заводго ээ болору менен ири акчага марыган амалдуу адамдын арамдыгы мурдагыдан дагы өрчүйт. Баягы атагы чыккан жазучунун ысымын уккусу дагы, көргүсү дагы жок, жазуучуларды чымын чакканчалык да көзүнө илбей, ага жарыгы тийгендердин баарысына кол шилтеп байлыгын көбөйтүп, алдоо жолун улантат. Көрсө, ал бардык ишти үтүр-чекитине чейин эсептеп чыккан экен, натыйжада, атактуу жазуучу арыздана албайт, себеби акча өкмөттөн грант катары берилген, бир чети ошондогу мыйзамда амалдуу адамдын пулду туура колдонгону менен белгиленет. Ошентип, улуу адамдын оозу күйүп, жер тепкилеп калат, эл кыйналып, тукулжурап турганда ажого бир сөз айта албай, торго түшкөнүн баарысы кийин билди, кургурдуку. Ири беш заводду сактап калыш үчүн амалдуу адам, саясат талаасында чон оюнду баштайт. Алгачкы кадам КРнын Жогорку Кеңешинин депутатыгына аттанып, ийгиликтүү шайланып алды. Бирок, жазуучу дагы жөн калбай ажо аркылуу басым жасай баштады, амалдуу адамды депутаттык мандатынан ажыратып, бир далай текшерүү жүргүзүп, куугунтук дагы кылып көрүштү, бирок, жоопко тартууга эч бир кынтык таба алышпады. Бир чети бийликтин кугунтугу амалдуу адамдын атагын чыгарып, анын билип-билбегендердин арасында ийгиликке жетишине өбөлгө болду, көпчүлүктү алдоого толугу менен шарт түзүлгөнүн байкап, убадаларды берип, карапайым элге ушунча жакын, алардын жашоосуна күйгөн адамдай түр көргөзүп, мамиле жасап, оппозициянын көрүнүктүү адамы болуп чыга келди. Кайрадан жалпы элдин колдоосуна ээ болуп, жаңы шарт түзүлгөнүн байкаган амалкөй жөн жаткан жок, ал эми ажонун ордун энсеп, умтула баштап, дагы чон саясат жүргүзө баштады.
Сый-урматка жетип, акча бар жерде байкуш эл уюгуна жабалактаган аарыдай баягы амалкөй адамдын жанынан чыкпай, ысымын алыска учуруп жатты. Андайды көргөн амалдуу адам, амал жактан эч кимге камчы салдырбаганын сезип, ажолукка аттанып, ачык кадам таштады. Өзү мурун өндүрүштө иштебегендиктен, беш завод эмес, бир заводго дагы ээ боло албай, чыккан шаймандары эч жакка өтпөй, иши токтоду. Ансыз да, айлык акыларын төлөй албай жумушчуларды чекесинен кыскартып бүткөн чак эле. Завод тонолуп кете турганда темир станокторду, жабдууларды Кытайга, Түркияга сатып, акчасын запастап койгон, чындыгында, андан башкага анын акылы жетмек эмес. Ошол убакта Түркия менен мамиле түзүп, чекесинен бир далай станокторду жеткирип, биргелешкен ишкана ачылды деп жүрөт. Айтор, көп эле аракет жасады, Аккумулятор дагы жасай коюп, анысы дагы банкрот болду. Акыры беш заводдон эчтеке калбай, бир гана кыймылсыз мүлк калып, чөнтөгү миллионго толуп, өлкөдөгү саясатты кенен жүргүзүп, бардык саясий иш-чараларда чыгымдарды көтөрүп жүрдү. Негизи, бизнес чөйрөсүн өтө жакшы өздөштүрө албагандыктан, алыс кете алган жок, андан кийин өзү түшүндүбү, же завод менен чоӊ бизнес жасай албасын, иштин көзүн таба албагандан кийин бир гана саясат аркылуу оңой-олжо таап, жеңил акча табаарына көзүжетти шекилдүү. Ооба, ал ажо болуп калса, өндүрүшү жок эле, акча өзү келерин жакшы билген.
Амалдуу адам “президент болсом элге жакшы турмуш куруп, мыйзам үстөмдүгүн орнотом” деп элди алдай баштады. Ошол убактагы оппозицияда жүргөндөрдүн көпчүлүгү амалдуу адамды колдоого алып, акчасына көз каранды боло баштаган аты таанылган оппозициядагы саясатчылар тегерегине уюгушуп алган эле. Ал эмес көзү ачыктар, баш айлантма бакшылар, молдо-сопулар, баары колдорунан келген ишти жасай баштаган. Кыскасы, элдин башы акчага же окулган дубага айландыбы, акыры амалдуу адамды женишке алып келишти. Бийликти алып түшүү оңойго турган жок, көп адамдын каны төгүлүп, адамдын өмүрлөрү кыйылып, азап-тозокту элге ыйгаруу менен амалдуу адам бийликке келди. Уулу жазуучунун ысымын эстегиси дагы келбей, жазуучунун жардамы менен байлыкка ээ болгонун унутуп койгону өкүнүчтүү, ал эмес элдин колдоосун унутту. Мына жолу кандуу болуп, азыркыга чейин кан кечип жүрөт. Эми бийлигин бекем орнотом деп тыңчыкмаларын жөн жеринен каматып жатат.Улуу жазуучунун ысымын сыйлабай алдаган, өз элин алдаган адам өлкөгө жакшылык кура алган жок
Качкынбек Булатов, укук коргоочу
Булак: “Искра”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: