Бүгүн, 28-октябрда биздин редакциянын почтасына белгисиз автордон Түркияда бозгунда жүргөн Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовдун жалтырак кымбат журналдарга жарыяланчудай болгон жаңы сүрөттөрү келип түштү.
“Мелис Мырзакматов Анкара шаарында жашайт. Бирок, Кипрге жана Дубайга байма-бай каттайт. Москвага эбак эле барбай калган. Акыркы жылдарда ашыкча салмакты таштап, арыктоо үчүн тренажердук залдарга көп барат, тамакты ченемдеп ичип, диета кармайт” деген текст коштогон эки сүрөт салыныптыр.
Ал сүрөттөрдү сиздерге сунуштайбыз, Мырзакматовдун адамдык эркине баа бергиле. Баягы салаңдаган курсак жок, борпоң Мырзакматов жок.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ