Menu

Канатбек Мурзахалилов, дин маселеси боюнча эксперт: “Дин жаатындагы коркунучтар босогобузда турат”

Бөлүшүү:

– Сиз бул тармакта көп жылдардан бери изилдөө жүргүзүп, байкоо салып келе жатасыз, экспертсиз. Азыр Кыргызстанда мына ушул диний көп түрдүүлүккө мамиле, диний көп түрдүүлүктү чыңдоо саясаты кандай абалда деп ойлойсуз? 

– Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы диний жагдайды «стабилдүү чыңалуу абалында» десек болот. Ошол эле учурда диний абал мамлекеттик органдар жана диний уюмдар тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Негизинде, Кыргызстан эгемендик алгандан бери диний объекттердин саны көбөйдү. 1990-жылдардын башында алар төрт гана багытта иш алып барчу: ислам, орус православ чиркөөсү, христиан адвентисттери жана католиктер. Бүгүнкү күндө 30дан ашуун багыттагы ар кандай диний уюмдар жана 3 миңден ашуун диний объекттер бар. Ошол эле учурда протестант багытындагы диний уюмдардын 16 агымы расмий каттоодон өткөн. Исламдын ичинде да ар кандай жамааттар бар. Алар Кыргызстан мусулмандарынын башкармалыгына баш ийет. Муфтиятка баш ийбеген да ар кандай жамааттар, 20дай ар түрдүү террористтик жана экстремисттик багыттагы уюмдар мамлекет тарабынан аныкталып, 2003-2017-жылдар ичиңде ушунча уюмга ар түрдүү соттук инстанцияларда тыюу салынган. Бул уюмдардын көпчүлүгү сырттан каржыланып, тамыры чет жактарда.

Ал эми диний көп түрдүүлүк маселесинде толеранттуулук, бирин бири түшүнүү, диний чыдамкайлуулук маселелери да өз жолуна коюлган, бирок бүгүнкү күндө кээ бир гана локалдуу чырчатактар чыгууда. Бул башка динге өткөн маркумдарды көрүстөнгө жашыруу, өздөрүнүн маданият-салтын таркатуудагы тоскоолдуктар, бир динден экинчи бир динге өткөндөрдү коомчулук терс кабыл алганына байланыштуу маселелер.

– Сиз айтып жаткан окуяларды эстесек: жакында Жети-Өгүз районундагы Тамчы айылында башка динге өткөн жигитти сабап кетишкени чоң маселе жаратты. Ала-Букада бир байбиченин сөөгүн казып алышып кайра-кайра ар кайсы жерге көмүштү. Мындай сабырсыздык аракеттер кыргыз коомчулугуна мүнөздүү болбогон көрүнүштөр эмеспи? Анткени, чет элдик эксперттер англис тилдүү басылмаларда “Кыргызстан башка коңшу  өлкөлөргө караганда диний көп түрдүүлүккө толеранттуу мамиле жасайт» деп айтканын, жазгандарын окуп калабыз. Ошол эле учурда ушундай окуялар да болуп жатат. Бул эмненин белгиси? Негизи эле сабырсыздык айрыкча жаштар арасында күчөп бараткан жокпу?

– Мындай чакан аймакта чыккан чатактар коомчулукта резонанс жаратуусунун себеби – Кыргызстанда ачык коом бар экенин белгиси. Ушундай эле маселелер Борбор Азияда, башка өлкөлөрдө жабылуу бойдон айтылбай эле калууда. Ал эми биздин ачык коомдо демократиялык принциптердин бар экенин кабарлайт. Ошол диний чыдамсыздыкка болгон мамиле, жогоруда аталган Ала-Букадагы байбиченин сөөгүнүн бир нече жолу казып алынып кайра көмүлүшү – бул биздин жергиликтүү деңгээлдеги диний кызматкерлердин, ошолорго барып жүргөн жамааттардын диний көп түрдүүлүк, мамлекеттеги секулярдуулук принциптерин түшүнбөгөндүктөн болуп жатат деп ойлойм. Бул үчүн Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы эл ичинде көбүрөөк түшүндүруү иштерин жүргүзүп турушу зарыл. Бул жагынан биз аксап жатканыбызды мойнубузга алуу керек. Жакында эле болуп өткөн “Ислам азыркы дүйнөбий мамлекетте” аттуу жыйында да президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет диний маселелерге катуурак көңүл бөлөөрүн белгиледи. Негизгиси мамлекеттин принциптерин, конституциялык норманын принциптерин сактап, бир эле динге артыкчылык бербей, бардык диндерди тегиз кароо керек. Анткени, башка диндерди карманган Кыргызстандын жарандарынын тең укуктуулугун сактоо зарыл.

– Сабырдуулукту, диний маданияттуулукту жайылтууга биздин диниятчылардын, ошол эле мечиттерде иштеген имам, молдолордун сабаттуулугу, илим-билими жетеби?

– Диний маселелерди көтөргөндө эле диниятчылар, имамдар, мечиттерге эле басым жасап калганыбыз туура эмес. Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы 30 багыттагы диний агымдардын ичинен бирөөсү гана. Ошол эле мезгилде башка диний уюмдардын өкүлдөрү, протестант багытындагы, орус православ чиркөөсүндөгү, дагы башка диний багыттагы агымдардын жетекчилери дагы мунун үстүнөн иштөөсү керек. Атайын дин аралык кеңеш түзүлгөн. Анын ишин да активдештирип, диний лидерлердин ортосундагы мамилелерди чыңдоо үчүн мамлекет кандайдыр бир чоң жыйындарды өткөрүп, алардын башын бириктирсе, түрдүү динге ишенген адамдар, алардын лидерлери бир столго отуруп пикир алмашып жатканын эл көрсө, калктын ар кандай катмарына сиңип, ынтымак, түшүнүшүү принциптери  тереңдеп калат эле. Моюнга алуу керек, радикализмдин жайылуусунун эң негизги себеби – диний билимдин жана жалпы эле билимдин начардыгы. Бул маселе да Бишкекте өткөн конференцияда көтөрүлдү. Бул бир гана Кыргызстанга эмес, бардык постсоветтик өлкөлөргө, Чыгыш Европа мамлекеттерине да тиешелүү маселе болуп жатат.

– Радикалдашуунун факторлору деп айтып калдыңыз. Мисалы, былтыр Сирияда согушуп жүрүп кыргыз тилинде видео тараткан жигитти көрдүк. Ал “Кыргызстандагы мусулманчылыкты, исламды туура багытта жайылтпаган, тескери иштерди жүргүзгөн адамдарга каршы аёосуз күрөшөбүз” деп айтты. Ал жигиттин таржымалын тактай келсек, бир нече жыл мурда Бишкектеги Жал кичирайонундагы медреседе окуп кеткен экен. Бизде көп эле жолу айтылат, ошол эле өкмөткө караштуу мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиянын өкүлдөрү да айткан учурлар болду: Кыргызстандагы медреселердин 70-80 пайызы мыйзамсыз эле иштеп жатат, аларда балдар-кыздарга эмнелерди окутуп жатканы белгисиз деп. Ушул диний билим берүүнү реформалоо мезгили бышып жеттиби? Кандай кылып реформалоо керек?

– Бүгүнкү күндө диний билим берүүнү реформалоо иши бышып жетилмек тургай, биз абдан артта калдык. Мурдагы чакырылыштагы парламентте диний билим берүү жаатындагы мыйзам мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев тарабынан көтөрүлүп, биринчи окууда гана калып кеткен. Үч жыл өтсө да бул маселе кайра-кайра артка жылып, талкууланбай келет. Бул маселени дагы тереңирээк изилдеп, тиешелүү комитеттер маселенин актуалдуулугун кайра көтөрүп чыгышы керек. Эң негизгиси аталган маселеде мамлекет четтен байкоочу катары карабай, оюндун эрежесин өз колуна алуусу маанилүү. Себеби жагдай азыр ошол эле радикалдашуу, диндеги чыдамкайлыктын жоктугу, диний сабатсыздык маселесине келип такалды. Башка Борбор Азия, Европа мамлекеттеринде бул маселе бышып жетилип кандайдыр бир жолго салынып калды. Казакстанда 2004-жылы эле жалпы билим берүү мектептеринде “Диний негиздер” сабагы киргизилген. Бизде пилоттук түрдөгү окутууну киргизгенине эки жарым жыл болду. Бул жаатта биз артта калдык. Муну тездетүү керек.

Пилоттук негизде окутууга келсек, азыр бизде ислам багытындагы теологдор даярдалып жатат. Ошол эле учурда бир диндин үстөмдүгүнө басым жасалбашы керек, себеби антсек биз секуляризм, демократия принциптерин четке кагып салган болобуз. Бул жерде ошол сабак окутулганда балдарга ким сабак берет, билим деңгээли жетеби, окуу куралдары жетиштүүбү деген маселелер коомчулукта талаш-тартыш болуп жатат. Аталган суроо окуучулардын, эксперттердин, билим берүү чөйрөсүндөгү адамдардын арасында да талаштуу маселе. Коомдук илимдер, коомдук дисциплиналар боюнча сабак берген мугалимдерди балким кайра даярдаш керекпи, ошол эле теологдорду эмес, дин таануучулардын категориясын, квалификациясын жогорулатуу керектир? Кыргыз-орус славян университети, Улуттук университеттеги дин таануучулардын санын көбөйтүп, ошолор сабак берүүсү керек. Маяна маселесин да кароо керек. Анткени маяна маселесинен улам мектептерге билимдүү адистер барбай жатат.

– Акыркы убакта угуп калып жатабыз, «Ыйман» фондунун жетекчиси да “мектептерде диний сабактар окутулушу керек” деп айтып кетти. Бул кандай дин сабактары болот, өкмөттө атайын концепция барбы? Бул жөнүндө маалыматыңыз барбы?

– Мен үчүн да бул маселе караңгы болууда. Себеби биз маселени алдын алуу жагында эмес, көбүнчө артында иштеп жатабыз. Алдын алуу иштерин баамдабай калып жатабыз. Бул деген мамлекеттик органдардын кайсы бир деңгээлдеги ыкшоолугу, мамлекеттик аппараттын жай кыймылдашы, кандайдыр бир окуяларга моменталдуу реакция жасабаганынын кесепети деп ойлойм. Айтылган маселе 5-6 жылдан бери көтөрүлүп келатат. Муну мыйзам чегинде гана жөнгө салып туруп жасаса тезирээк чечилмек.

– Көп учурда радикал, экстремисттик идеялардын жайылышына чындыгында эл арасында дин жөнүндө, ошол эле ислам жөнүндө билимдин жоктугу же төмөндүгү себеп болуп жатат. Ошол диний сабаттуулукту кантип көтөрсө болот?

– Диний сабаттуулукту жалпы билим берүү мекемелеринде, орто окуу жайларында, жогорку окуу жайларында, мечиттерде имам, молдолордун өздөрүнүн билимин жогорулатуунун үстүңдө көбүрөөк иштеп, жамаат менен да иштеп, жалпы эле диний негиздеги насааттарда көбүрөөк айтылса жакшы болмок.

Ошол эле учурда мамлекеттик органдар тарабынан, жогорудагы айтылган «Ыйман» фонду тарабынан көп иш-чаралар болуп жатат. Булардын жыйынтыгы да жакын арада сезилет деген ойдобуз. Себеби ушунча иш-чарадан кийин жыйынтык чыгыш керек да. Ошол эле имамдарга «Ыйман» фонду тарабынан маянанын берилүүсү да алардын өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылышына түрткү болот. Ошол эле мезгилде Мусулмандардын дин башкармалыгы, муфтият тиешелүү органдар менен да бул багытта тыгыз байланыпгга иштеши албетте абзел. Тыгыз иштебесе радикалдашуу коркунучу, диний чөйрөдөгү терс фактылар биздин коом үчүн коркунуч жаратууда. Бул коркунучтар бизге азыр каалгабызды кагып, босогобузда турат. Ошондуктан бул маселени чечүүдө атайын иштерди колго алуубуз керек.

– Ошол эле диний билим берүүнү реформалоо керек деп айта кеттик. Диний билим берүүнү реформалоо маселесине кимдер катышышы керек?

– Азыр диний билим берүүнүн концепциясы кабыл алынды, бирок ишке ашыруу механизмдери реалдуулукка шайкеш келбей жатат. Мунун артынан сая түшүп иштөө керек. Бул жерде эң негизгиси Билим берүү министрлиги, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, Билим берүү министрлигине караштуу ар кандай академиялык мекемелер, жогорку окуу жайлары, башка диний уюмдардын мүчөлөрү, дин таануучуларды тартуу зарыл. Андан соң бир чоң жумушчу топ түзүп, мыйзамды иштеп чыгып, эксперттик топ түзүп иштеш керек.

2014-2020-жылдарга кабыл алынган диний чөйрөдөгү концепциянын 80ден ашуун иш-чарасынын ичинен бүгүнкү күндө 30у гана ишке ашты. Азыр коомчулукта талкуу жараткан «Диний уюмдар жана дин эркиндиги жөнүндө” мыйзам да концепцияда 2016-жылы даярдалып бүтүп, Жогорку Кеңешке тапшырылышы керек эле. Азыр 2018-жылдын аягы болсо да, эми гана коомдук талкууга чыгарылып жатат. Бул жерден да кечигип жатабыз. Коркунучтарды алдын алыш үчүн мамлекет тезирээк реакция кылып иштеши керек. Анткени дүйнөлүк тажрыйба кечиксек, арты кандай болорун көрсөтүп жатпайбы.

Булак: “Айгай-пресс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: