ӨКМдин 15-июлда болуп өткөн коллегиясынын чечиминин негизинде КР ӨКМнин Жалал-Абад жана Баткен облустук башкармалыктарынын башчылары ээлеген кызматтарынан бошотулушкан. Ал эми бүгүн 18-июлда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин буйругу менен кызмат ордуна убактылуу жаңы жетекчилер дайындалышты. Бул тууралу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин карамагында жүргөн майор Курганбаев Кыялбек Жанышович дайындалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ