Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында өгөй атасы тарабынан сабалган алты жашар баланын абалы жөнүндө айтып беришти.
“Бала бизге 18-ноябрда жаткырылды. Биз дароо укук коргоо органдарына маалымат бердик. Баланын баш мээси чайкалган. Абалы жакшы, эрте чыгарууну пландап жатабыз”, – деди оорукананын башкы дарыгери Гүлнара Жанабилова.
Анын айтымында, травматология бөлүмүндө эне баланы атасы урганын көрсөткөн. Бирок, укук коргоочулардын айтымында, бул өгөй атасы.
Эске сала кетсек, 17-ноябрда “Поле-Чудес” турак жай аймагында эркек киши алты жаштагы өгөй баласын сабап салган. Ал кармалган. Бул факт Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 75-беренеси боюнча катталды. Ошондой эле, иштин материалдары Сокулук районунун Ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Алынган жаракаттардын оордугун аныктоо үчүн экспертиза дайындалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ