Menu

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: “Өкмөт алмашууга, ал тургай жазаланууга тийиш”

Бөлүшүү:

Премьер-министрдин тегерегиндеги ызы-чуу, отставкасын талап кылган маселе боюнча саясатчы, экс-депутат Бегалы Наргозуевди кепке тарттык.

– Бегалы агай, “КТ Мобайл” боюнча түзүлгөн комиссия адилеттүү чечим чыгарабы же жогору жакка жан тартып коёбу?

– Парламенттин маанайына, депутаттык комиссиянын курамына караганда адилеттүү, калыс чечим чыгара тургандай сезилип жатат. Ошондуктан адилеттүү чечим чыгарат деп үмүт кылып турсак болот. Бирок алар чыгарган корутундуну жалпы парламент колдойбу, колдобойбу деген да өзүнчө маселе бар. Анткени парламент депутаттык комиссиянын чечимин колдоп же колдобой да коюшу мүмкүн.

– Премьер-министр тууганчылыкка, жердешчиликке жол бергени, татыксыз кадрларды ишке тартканы үчүн жоопкерчиликке тартылып, отставкага кетиши керекпи?

– Премьер-министр өзүнүн айланасында чыккан чууга байланыштуу токтоосуз отставкага кетиши керек болчу. Ал тууганчылыкка жол берген эмесмин дегенсип, бажасынын баласын иштеп жатканын “билген эмесмин”- деди. Бирок кыйыр түрдө туугандарынын иштеп жатканын моюнуна алды. Премьер-министрдин “Мегаком” 100 пайыз биздики эмес, улуттук компания түзөбүз дегени да түшүнүксүз жагдайды жаратты. Анткени “Мегакомду” Максим Бакиевдики деп мамлекетке парламент аркылуу өткөрүшүп, саан уйдай саап келишкен. Эми болсо 100 пайыз Бакиевдин баласыныкы дебей, “Мегакомдо” талаш бар, орустардыкы, соттошо турган иши бар дегенсип кетенчиктешип, 100 пайыз улуттук мобайл компания түзөбүз” – дешип жатат. Булар ал аракетин жеңилип калсак “Мегакомду” алып коёт деп түшүндүрүп жатышат. Эгер “Мегакомду” чындап алып кое турган болсо, алар “КТ Мобайлды” алып койгонго аракет кылбайт деген кепилдик жок. Анткени “КТ Мобайл” “Мегакомдун” акчасы менен жасалат. Кыскасы, элдин башын айландырып, түрдүү фокустарды жасашканы менен өкмөткө бир эле эмес, бир нече факты менен сокку урулуп жатат. Чынында премьер-министр башка катачылыктарын айтпаганда дагы, “КТ Мобайл” боюнча эле кызматтан кетиш керек болчу. Анткени анын катачылыктары, элди иренжиткен туура эмес иштери боюнча фактылар бирден саналбай пакет болуп чогулуп калды. Тууганчылык, жердешчиликке жол бергени, үй-бүлөлүк башкарууга ыктаганы, бажалары эле эмес, бажаларынын балдарына чейин кызматка тартканынын баары ачыкка чыкты. Мына ушундай маселелердин фонунда Абылгазиевди сактап калуу мүмкүн эмес. Бул өкмөт ишти илгерилетип, экономиканы жөнгө сала албаганы аз келгенсип, элди иренжиткен аракеттери менен президентти гана уят кылып жатат.

– Премьер-министр элдин көңүлүн бурган фамилияларды кызматтан алса эле отставкага кетпей калам, элдин маанайын башка нукка бурам деп ойлоп жаткан жокпу?

– Абылгазиевдин алдында бийликтен кетүү маселеси азыр да күчүндө турат. Бирок, ал элди алаксытыш үчүн Рысалиевди жана анын баласын кызматтан кетирди. Ал тургай алардын кабинетинде жыйын өткөрүп жүргөндөрдү да сатып койгондой көрүп, бир канча адамды кызматтан алды. Булар бул ыкмасы менен коомчулукту сооротуп, элдин нааразычылыгын азайттык деп ойлоп жатышат. Бирок алардын андай аракети суу кечпейт.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: