Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз элин туулган күнү менен куттуктаганы үчүн ыраазычылык билдирди. Кайрылуу бүгүн, 17-ноябрда анын расмий Facebook баракчасында жарыяланды.
“Урматтуу мекендештерим, сиздердин көпчүлүгүңүздөрдөн кечээ, 16-ноябрда менин дарегиме жылуу сөздөр менен бирге куттуктоолор айтылды, жазылды. Ар бириңизге чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем.
Мен үчүн айтылган ар бир каалоо-тилектериңер кымбат, өзгөчө маанилүү. Мага эмне кааласаңыздар, сиздерге да ошону каалайм. Ар бир үйдө жакшылыктар көп болсун. Бекем ден соолукта болуңуздар“, – деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ, 16-ноябрда экс-президент Сооронбай Жээнбеков 62 жашка толду. Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги башаламандыктан улам 16-октябрда кызматтан кеткен. Мыйзам боюнча ал экс-президент статусун алган. Анын милдети премьер-министр Садыр Жапаровго өткөн. Ал эми Садыр Жапаров кызматын тапшырып, президенттикке талапкерлигин койду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ