Menu

Шевченко салмак ченемин өзгөртөт

Бөлүшүү:

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко эрежесиз уруш боюнча UFC уюмунун чемпиондук куру үчүн беттеште Аманда Нуньестен жеңилүү ызасын тарткандан кийин салмак ченемин өзгөртүү чечимин кабыл алды.

Шевченко мындан ары атаандаштары менен бирдей абалда болуш үчүн төмөнкү салмак категориясына өтүүнү карап жаткандыгын айтып: “Учурда мен 57 килограммга чейинки салмак категориясына өтүү чечимин көздөп жатам. 57 килограмм менин чыныгы салмак категориям, төмөнкү категорияда бардык күч жана ыкмаларымды толугу менен колдоно аларыма ишенем, анткени менин атаандаштарым мени менен бир өлчөмдө болушат”, -деди. Эскерте кетсек, Шевченко буга чейин 61 килограммдык салмак категориясында беттешке чыгып келген.

Мындан тышкары, Валентина Шевченко Нуньес менен реванштык беттеш тууралуу ойлору күчүндө экенин айтты. “Аманда менен күрөшүүнү токтотуу жөнүндө оюмда жок. Кийинки жолкусунда мен ага ушундай жол менен утушуна мүмкүнчүлүк бербейм. Сөзсүз мен реваншты жеңишим керек. Бирок азыр эмес, жакынкы убакыттарда андай болбойт”, – деп кошумчалады Шевченко.

Шевченко менен Нуньестин чемпиондук кур үчүн беттеши 10-сентябрда Канаданын Эдмонте шаарында өткөн. Беш раунддун жыйынтыгында бир калыс Шевченкого жеңишти ыйгарса, эки калыс мушташты Нунестин пайдасына чечкен. Таймаштан кийин Валентина калыстардын чечимине макул эместигин билдирген. Валентинанын апасы Елена Белова беттеш жөнүндө Фейсбуктагы баракчасына өз оюн жазып: “Бизден жеңишти уурдап алышты”- деген пикири менен бөлүшкөн.

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: