Бул тууралуу 21-январда Айэркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу жагдайлар менен маалыматтарды текшерүү жана иликтөө боюнча ЖКнын депутаттык комиссиясынын жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Кабыл Абдалиев билдирди.
Анын айтымында, маалымат өтө жашыруун, ал эми залда журналисттер олтурушат, ошондуткан айта албастыгын жүйөө кылды.
“Материалдар бизге 2019-жылдын сентябрында келген, – деп түшүндүрдү башкы салыкчы. –Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамкызматы козгогон кылмыш иштин алкагында биз үч жылдын аралыгындагы документтерди иликтеп чыгып, корутунду бердик. Сумманы айта албайм, залда журналисттер олтурат, ал эми соттун чечими азырынча жок. Депутаттарга маалыматта жазуу түрүндө берейин”, –деди.
Кабыл Абдалиевдин айтымында, “Абдыраз” ЖЧКсы 2015-жылы катталып, түзүлгөндөн баштап 38 миң 700 сом салык төккөн. Ал кылмыш иши козголгонго чейин текшерүү болбогонун, анткени компания декларация тапшырбаганын кошумчалады.
Депутат Аалы Карашев Улуттук банк компнаиянын 22012-жылдан берки, ал эми Салык кызматы 2015-жылдан берки ишмердүлүгүн айтып жатышкандарына нааразы болду.
Ошондо Абдалиев “Абдыраз” компаниясы 2011-жылы Баткен облусунда түзүлүп, ал эми 2015-жылы кайра каттоодон өткөнүн түшүндүрдү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ