Аскер сотунун мурдагы төрагасы Нурланбек Ашымбековго издөө жарыяланды. Нурланбек Ашымбеков «Жемкорлук» беренеси менен айыпталууда. Тергөөнүн билдирүүсүндө, ал Мамлекеттик кароол кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Данияр Дунгановдон анын ишин оң жакка чечип берүү жана баш коргоо чарасын өзгөртүү үчүн 50 миң доллар алган. Бул ишке байланыштуу кылмыш иши козголгон Нурлан Ашымбеков үй камагында болчу. Бирок ал соттук отурумдарга келбей жаткандыктан издөө жарыяланды.
Эске сала кетсек, Данияр Дунганов 2010-жылдын 7-апрелинде элге ок атуу боюнча айыпталып, 25 жылга эркинен ажыратылган.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ