Бүгүн, 24-ноябрда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басарынын рангындагы президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлүнө каршы сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдө.
Тергөөнүн жүрүшүндө, 2020-жылдын октябрь айында болгон шайлоо кампаниясы учурунда Курманбек Дыйканбаев саясий партиялардын биринин кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин ага 7 миллион сомдон ашык суммадагы акча каражатын которууга мажбурлаганы аныкталды. Баш тарткан учурда ээлеген кызматынан бошотом деп коркуткан.
Курманбек Дыйканбаев мыйзамсыз алынган каражаттарды шайлоо кампаниясында колодонгон, муну менен ал кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, көбүрөөк добуш алууну көздөгөн.
“24-ноябрда Курманбек Дыйканбаев КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмышка шектүү катары кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди” – деп айтылат маалыматта.
Учурда УКМК тарабынан кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо жана тиешеси бар адамдарды жоопко тартуу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылып жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ