Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Салык кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн биринин жетекчилери тарабынан уюштурулган салыкты мыйзамсыз кайтарып берүү боюнча коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
«Тергөө учурунда жооптуу чиновниктер ишкерлер менен сүйлөшүп алышып, КНСке болгон салыкты анча-мынча суммага бөлүп кайтарып берүү механизми түзүлгөндүгү аныкталды. Бул иш-чаралар ишкерлерге КНСти кайтарып берүү мыйзамдуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссияны кыйгап өтүп, 300 миң сомдон ашык салыктарга байланыштуу маселелерди караган КНСтин ашыкча төлөнгөн суммаларын кайтарып берүүгө мүмкүнчүлүк берди. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын демилгеси менен жүргүзүлгөн салыкты текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 5 млн 700 миң сом өлчөмүндө зыян аныкталды, ал калыбына келтирилди », – деп айтылат маалыматта
Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бишкек шаарынын Салык кызматынын аймактык бөлүмүнүн инспекция бөлүмүнүн инспектору М.Т., ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси А.Т. жана Салык кызматынын борбордук аппаратынын бөлүм башчысы А.Р. айыптр тагылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ