Menu

Жогорку Кеңештен депутаттар өздөрү тажай башташты

Бөлүшүү:

Шайлоо учурунда элге жагынып, кулдук ургандардын көпчүлүгү депутат болуп алгандан кийин элге айткан убадаларын унутуп, өздөрүнүн арабасын тартып калаарын турмуш далилдеп жатпайбы. Добушун бийик көтөрүп, оюндагысын айта албай, президенттин аппараты жөнөткөн салам-дубайга каршы чыгууга духу жетпей жаткан Жогорку Кеңештин бечаралыгын ким жалган дей алат? Булардын мажирөөлүгүн, келечек үчүн күйүп-бышпаганын көргөн эл эбак эле чырт түкүрүп, кол шилтеп койгон. Пайдасы жок Жогорку Кеңеш деп атап алганы да бекер жеринен эмес. Депутаттардын кылык-жоругунан тажаган. Эми эл эле эмес, депутаттар өздөрү бул көрүнүштөн тажай баштады. Чындыкты бетке айткандан тайсалдабаган, эркек депутаттардан сөөмөйчөлүк жогору турган Чолпон Жакупова оппозициянын курултайында “Мен ушул Жогорку Кеңештен да, саясаттан да тажап бүттүм. Жогорку Кеңештин азыркы абалын карап туруп, Конституциянын өзгөрүүсүнө каршы тура аларыбызга көзүм жетпейт. 95% депутаттар сатып беришет, азыр жатып беришти”- деп туталанды. Адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн, бүгүнкүдөн эртеңкини жогору койгон, адамдык ар-намысты туу туткан депутаттын күн карама парламентте төшкө депутаттык значокту тагынып жүрүү көңүлүн кайт кылыптыр да.

Булак: Жаңы Ордо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: