Menu

Дастан Жумабеков Сурабалдиевага: “Сиздин мектеп тууралуу сурамжылоо жүргүзгөнүңүз туура эмес”

Бөлүшүү:

ЖКнын мурунку төрагасы Дастан Жумабеков вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиеванын Фейсбук баракчасындагы сурамжылоосун сынга алды.

“Сиз социалдык тармактарда активдүү болуп, сурамжылоо жүргүздүңүз – мектеп ачуу керекпи же жокпу? Муну кандай максатта жасадыңыз?” – деп сурады Жумабеков.

Сурабалдиева учурда талкуу жүрүп жаткандыгын айтты. Коронавирус жуккан учурлар катталбаган алыскы аймактарда мектеп окуучуларынын ата-энелери мектептердин иштешине уруксат берүүнү суранышууда.

“Эл өкүлдөрү катары бизден ачык болууну, жеткиликтүүлүктү камсыз кылууну суранасыңар. Дал ушул максаттар үчүн мен сурамжылоо жүргүздүм”, – деп түшүндүрдү Сурабалдиева.

Албетте, сиздики туура. Бирок эртең балдар ооруп калса, эл өзү күнөөлүү деп айта албайсыз. Бардык жоопкерчилик сизде болот жана чечимди сиз кабыл алышыңыз керек. Бул сурамжылоолорду өткөрүү үчүн референдум эмес”, – деди Жумабеков.

Ал мындай суроолор боюнча сурамжылоо жүргүзүүнү туура эмес деп эсептээрин билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин Элвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасына “Мектептер ачылышы керекпи же жокпу?”, – деп сурамжылоо жүргүзгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: