14-сентябрда бир кездеги убактылуу ошол эле маалда “бактылуу” өкмөттүн мүчөлөрү баштары биригип, ынтымакка келишип, жаңы ачылган “Ынтымак” сейил паркына барып бак олтургузушту. Бак отургузуу маалында Текебаев: ‘”Абакта жатып алып, парктын ачылганын угуп, мен да бир барып бак олтургузсам деп тилек кылдым эле, ошол “тилегиме жеттим” – деп көкүрөктөгү бугун чыгарды. Убактылуу өкмөттүн бардык мүчөлөрү бирден бак олтургузушту, бир гана Атамбаевден башкасы.
Ат киши да абакта жатып алып, тилек кылып жаткан чыгаар. Бир күнү мен да барып бак олтургузайын деп. Атамбаевдин ордуна бакты эски досу Бекназаров олтургузду. Жаңы паркка бак олтургузганыңар жакшы бирок сыртта күз мезгили. Көчөттү жазында олтургузчу беле? Же силерге боло береби?
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ