Menu

Алмаз Атамбаев: “Мен эки революцияны башынан өткөргөн өлкөнүн президентимин. Ал эми Украина болсо бир революциянын аягына чыкпай жатат”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-октябрда Грузияда расмий сапар менен жүргөн Алмаз Атамбаев визиттин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берди. Журналисттер Алмаз Атамбаевден Россия басып алган Абхазия жана Осетия тууралу да пикирин сурашты.

“Мен силерге мындайча айткым келет. Бул маселе боюнча кечээ кечинде биз Грузиянын президенти экөөбүз көпкө сүйлөштүк. Мен дайыма кандай гана маселе болбосун сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүнү сунуштайм. Сүйлөшүү жолу менен чечилбеген бир да маселе жок. Аскердик жол же күч менен маселе чечүүгө умтулуу бул сөзсүз туюка кептейт. Мен эки революцияны башынан өткөргөн өлкөнүн президентимин. Ал эми Украина болсо бир революциянын аягына чыкпай жатат, Кыргызстан эки революцияны ишке ашырды. 2010-жылы биздин борбордук аянтта жүзгө жакын кишинин каны төгүлдү. Биз мындайды баштан өткөрдүк, бирок, Москвага же Вашингтонго телефон чалган жокпуз. Бизде да облустук администрацияны басып алуулар болгон. 2013-жылы облустук администрацияны басып алышты. Эч жака телефон чалбай эле  туптура өзүм ошол жерге бардым жана маселелерди жайында чечтим. Кыргызстан Грузиянын территориалдык бүтүндүгүн колдойт. Мен муну расмий айтып жатам. Бул ар бир мамлекет үчүн, анын ичинде Кыргызстан үчүн да эң негизги принциптердин бири болууга тийиш. Мындай эки тараптуу конфликттерде тилекке каршы эч качан бир гана мамлекет күнөлүү болбойт деп эсептейм. Менимче Грузия менен Россиянын мамилесин бүгүнкүдөй абалга жеткирбөө үчүн баардык зарыл кадамдар жасалган эмес, мынчалыкка жеткирбеш керек болучу. Кээде текеберчиликтен жогору болуп коюш керек. Бүгүн “Сен келесоосун” – “Өзүң келесоо” деген позицияны карманбаш керек. Сүйлөшүүлөр жолуна өтүш зарыл. Бир чектен экинчи чекке секире берген болбойт”, –   деди Алмаз Атамбаев.

atambaev-gruzii-pamyatnik

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: