Menu

Көңүлдөшүнө кол салууга шектелип мурдагы аким кармалды

Бөлүшүү:

Батыш-Казакстан облусунун Теректи районунун мурдагы акими Женис Сериккалиев көңүлдөшүн өлтүргөнгө аракет жасаган деп шектелип кармалды. Орол шаар соту тергөө бүткүчө аны эки айга камакка алды.

Февраль айында бычактан ондон ашуун жаракат алган келин ооруканага кайрылган. Тергөөнүн билдиришинче, келин Сериккалиевден уулдуу болгонун айтып, аталыкты таанууну талап кылган.

Ал эми аким Сериккалиев райондук турак жай-коммуналдык чарбасынын жетекчисинен 500 миң теңгеге келинди өлтүрүүнү тапшырганын тергөө белгилейт. Кол салууну аткаргандар да учурда камакта.

38 жаштагы Женис Сериккалиев 2013-жылдан бери Теректи районун жетектеп, быйыл майда өз арызы менен кызматынан бошогон болчу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: