Menu

Депутат Иса Өмүркулов: «Жарыбаган маяна алып жаткан мугалим ипотека акысы үчүн айына 20 миң сомду кантип төлөйт, ойлонуп көрдүӊөрбү?»

Бөлүшүү:

Ипотека төлөө мөөнөтүн кеминде 25 жылга узартып, төлөм пайызын азайтуу зарыл. Антпесе, жарыбаган маяна алып жаткан мугалим ипотека акысы үчүн айына 20 миң сомду кантип төлөйт, ойлонуп көрдүӊөрбү? КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов «Арзан турак жай – 2015-2020» программасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат угулуп жатканда Мамлекеттик ипотека компаниясынын жетекчисине ушундай собол салды.

Ал эми мугалимдер эле эмес, медициналык кызматкерлер да мамлекеттик ипотека боюнча насыя алууга чамалары чакталуу экенин белгилеген депутат Карамат Орозова мамлекеттик ипотека насыясынын коммерциялык банктар тарабынан берилип жаткан жөнөкөй ипотекалык насыядан эмнеси менен айырмалана турганына кызыкты.

Мамлекеттик ипотека компаниясынын башчысы Бактыбек Шамкеев коммерциялык банктар ипотекалык насыяны 18-26 пайыздан берсе, мамлекеттик ипотека 8-10 пайызды түзө турганын, коммерциялык банктар насыяны 5 жылга берсе, мамлекеттик ипотека 15 жылга бериле турганын билдирди. «Ал эми ипотекалык төлөмдөрдүн жогору болгону барып-келип эле каражаттын жетишсиздигине такалууда», – дейт ал.

Андан тышкары, КР Президенти тарабынан 2018-жыл Региондорду өнүктөрүү жылы катары жарыялангандыктан, ар аймакта көп кабаттуу ипотекалык үйлөр курула турганы белгилүү болду. Андан тышкары, 20 чакан шаардын мэриясы менен да сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: