Menu

Эдил Байсалов, коомдук активист: “Фарид Ниязов бийликтин узурпациялоо аракети үчүн тезинен отставкага кетиши керек”

Бөлүшүү:

Расмий некрологдо мурдагы президенттин ысымы дагы бир экс-президенттин жанында эмес, мыйзамдуу мамлекеттин жетекчилеринен жогору турушу – бул протоколдун майда жаңылыштыгы же тамаша-оюнчук эмес.

Бул бийлик узурпациясына кол салуунун далили, Кыргыз Республикасынын, Кыргызстандын элинин, Эркиндигибиздин жана Конституциясынын ар-намысына шек келтирүү катары каралышы керек.

Фарид Ниязов үчүн инаугурациянын ордуна мурдагы президент парадды кабыл алып, сөздү акыркы болуп сүйлөп, иш бөлмөсүн бошотууга да жарабаган “узурпациянын майрамын” уюштурганы жетишпейт окшойт.

Же эч бир партияга мүчө болбогон президенттин аппаратынын жетекчиси болуу менен бирге партиялык ишмердикти эриш-аркак жүргүзүп, мамлекеттин каражатына коңшу өлкөгө барып, ал жактагы партия жетекчилиги менен келишимге кол койгону жетишпейт өңдүү.

Тескерисинче, Фарид Ниязов мындай некролог жарыялоо менен кош бийликти расмий тааныган системаны таңуулоо менен мамлекеттик бийликтин негиздерин бузуп, демократияга жана мыйзамдуулукка шек келтирип жатат.

Фарид Ниязов бийликти узурпациялоо аракети үчүн тезинен отставкага кетиши керек!

Телефондон болбогон сүйлөшүүлөр үчүн “бийликти басып алууга аракеттенген” деген берене үчүн 20-25 жылга ондогон мекендештерибиз кесилип отурганда, так ушул берене боюнча “бийликти узурпациялоо” деген кылмыштын белгилери бар-жоктугун тергөө уюштурулушу милдет.

Кимде ким Кыргызстаныбызды Коконго айлантып алам, өзүм түбөлүк аталык кылам десе, терең жаңылышат! Эркин элибиз ага жол бербейт!

Дагы бир жолу кайталайм. Кеп протоколдо эмес. Мамлекеттик бийлик Элдикиби же Атамбаевдин түбөлүк менчигиби, ошондо. Бирок мына мобуну карасаңар. Ниязов өзүн жана Жолдубаеваны фракция жетекчилеринен өйдө койгону дагы булар мамлекетти тааныбай кутургандарынан кабар берет.

Эдил Байсалов, коомдук активист

Булак: Жаңы Ордо 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: