Menu

Бишкекте сот системасын тазалоону талап кылган митинг өттү

Бөлүшүү:

Бишкекте Жогорку Сот имаратынын алдында сот системасын тазалоо талабы менен 50-70 кишинин катышуусунда митинг өттү. Алар биринчи кезекте Сотторду тандоо кеңеши Жогорку соттогу алты бош орунга тандаган талапкерлерди бекитпөөнү президенттен талап кылышты.

Мунун себебин акциянын уюштуруучуларынын бири, укук коргоочу Рита Карасартова мындайча түшүндүрдү:

– Жогорку сотко тандалып жаткан алты талапкерди жана Конституциялык палатага тандалып жаткан талапкерлердин буга чейин кандай иштерди караганы, кандай чечимдерди чыгарганы боюнча досье чогултуп келдик. Булар саясий буюртмаларды аткарган, акыйкатсыз чечимдерди чыгарган. Ошондуктан биз биринчи кезекте буларды бекитпегиле деген талап коюп жатабыз. Президенттин буга карата чечиминен ал коррупцияга каршы чындап күрөшөбү же саясий буюртма аткаргандардын кызмат ордун жогорулатабы, баары билинип калат.

Акцияга чыккандар мындан башка да талаптарды коюшту. Алар ар кандай чакырыктар жазылган бир нече плакаттарды кармап алышкан. Уюштуруучулардын билдиришинче, митинг өтөрү тууралуу мэрияга кабар берилип, макулдашылган.

Акция жалпы Кыргызстанда өтөрү кабарланууда, ага ылайык, аймактарда да жарандык коом өкүлдөрү жергиликтүү соттордун алдына “Биз коррупциядан тажадык” деген ураан менен чыгышат.

Буга чейин маалым болгондой, Жогорку соттогу алты судьялык орунга 46 киши арыз берген. Алардын ичинен Кыдык Жунушпаев, Ирина Воронцова, Дамира Орозова, Нургүл Бакирова, Кымбат Архарова, Айдарбек Алымкулов тандоодо эң көп упай алып, сотторду тандоо кеңеши бул алты талапкердин тизмеси 1-мартта президентке жиберген.

Президент талапкерлерди карап чыккандан кийин аларды бекитүү үчүн парламентке жөнөтөт. Мыйзам боюнча Жогорку сотто 35 судья болушу керек. Учурда алты орун бош турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 23 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: