Казакстан Ички иштер министрлиги Нооруз майрамы учурунда көк шарларды көтөрүп жүргөн кишилерди кармоого көрсөтмө берилбегенин билдирди.
ИИМдин Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин директору Алмас Садубаев жергиликтүү полиция кызматы акимчиликке карай турганын, министрлик тарабынан көк шар көтөрүп жүргөндөрдү кармоого көрсөтмө берилбегенин айтты.
Астанада Нооруз майрамы белгиленип жаткан маалда колдоруна көк жана көгүш шар кармап жүргөн бир нече киши кармалган. Аларды полиция автобусунда суракка алышып, бирок протокол толтурбастан кайра бошотушкан. Тартип сакчылары журналисттерге майрам учурунда коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн билдиришкен.
Казакстанда көк шарларды өлкөдө тыюу салынган “Казакстандагы демократиялык тандоо” кыймылы жана куугунтукталган олигарх Мухтар Аблязов менен байланыштырышат. Кыймыл майрамда көк шарларды көтөрүп чыгуу менен саясий каршылыкты билдирүүгө чакырган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ