Menu

Түркмөн банктары картадан акча чыгарууда жаңы чектөөлөрдү киргизди

Бөлүшүү:

Түркмөнстан банктары өлкө ичинде жана тышында пластик карталардан накталай акча алууга чектөө киргизип, тейлөө наркын жогорулатты.

6-февралда киргизилген жаңы тартипке ылайык, бир суткада картадан 250 доллардан ашык акча чыгарууга болбойт. “Gold” үлгүсүндөгү банк карталары үчүн чектөө – 300 долларды түзөт.

“Буга чейин эсептен күн сайын 10 миң АКШ долларына чейин чыгарууга мүмкүн болчу. Азыр сумма 250 доллардан ашпоосу керек. Эми менин бардык бизнесим ара жолдо турат”, -деди түркмөн ишкерлеринин бири.

Бул арада VISA менен MasterCard пластик караталарынан акча алууда комиссия 1,75 жана 3% чейин жогорулады.

Борбор калаадан башка бардык аймактарда акча алууда чектөөлөр буга чейин эле киргизилген. Эми Ашхабаддыктар дагы бул маселеге туш келишти.

Жергиликтүү тургундар банкоматтардын жетишсиздигин жана аларда жеткиликтүү деңгээлде каражат ырааттуу түрдө жок болуп турарын билдиришүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: