Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун жарандарынан турган кылмыштуу тобун кармоо боюнча иштер жүргүзүлүп жаткан. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
2017-жылдын 12-августунда милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-чарасын жүргүзүүнүн натыйжасында “Бишкек-Торугарт” жолунан “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Автоунаанын ичин текшерүү учурунда Ысык-Көл облусунун жарандарына тиешелүү болгон өзгөчө жыты бар кочкул-жашыл түстөгү суюктук куюлган эки канистр табылган.
кспертизанын жыйынтыгы менен алынган заттын жалпы салмагы 16 килограммдан ашык “гашиш майы” экендиги аныкталган.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо) боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ