“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Василий Дашков үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматы билдирет.
Белгиленгендей, мындай чечим кечээ, 18-майда кабыл алынган. Башкы прокуратуранын улук прокурору Василий Дашковду үй камагына чыгаруу тууралуу сотко өтүнүч келтирген жана ал канааттандырылган. Буга ылайык, Дашков 18-июлга чейин үй камагында болот.
Белгилей кетсек, кечээ Василий Дашков коррупцияга шектелип кармалган.
Ал 25-мартта “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын башкы директору кызматынан бошотулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ