Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 24-майда билдирүү таратып, «Форум ишканасынын өкүлү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын жакын санаалашы Фарид Ниязовдун иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу түзмөк орнотууга мажбурланган» деген кабарды төгүндөдү.
Мекеме Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) билдирүүсүн «чагым» деп баалады. Ошондой эле айрым саясий ишмерлер өзүн пиарлаш үчүн атайын кызматтын дарегине негизсиз дооматтарды кюоп жатканын белгиледи.
Буга чейин КСДП Атамбаевге таандык «Форум» ишканасында иштейм» деген адам өзүн УКМК кызматкерлери «кызматташууга» чакырганын, натыйжада экс-президенттин жана анын санаалаштарынын иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу аппарат коюуну талап кылышканын баяндаган видео тараткан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ